Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Токмок 02.01.2019 15:30

«Жубайлар»: Э.Жаманкулова кошунасынын уялчаак инисине турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлө түптөдү (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган Болотбек Акунов менен Эльвира Жаманкулова. Алар 23 жылдан бери бирге жашап жатышат.

Жубайлар 1995-жылы 27-октябрда баш кошушкан. Болотбек Акунов 2005-жылдан бери Токмок шаарында айдоочу болуп эмгектенсе, Эльвира айым соодагер.

Эльвира Жаманкулова: «9-класста окуп жатканда Болотбек аскерден жаңы келип, Токмоктогу эжесиникинде жашачу. Эжесинин үйү биз жашаган көп кабаттуу үйдө жайгашкан. Анын батири бизден бир кабат жогору болчу. Биринчи жолу экөөбүз көчөдөн жолугуп калдык. Жолдошум уялчаак адам эле. Мага бир нерсе айтайын деп, анан башын жерге салып, бат-баттан басып кетти. Мен ага көп көңүл бурган жокмун. Экинчи күнү да жолугуп калдык. Бирок бул күнү өзүн аябай даярдап келгенби же тартынчаактык сезимин жеңдиби, айтор "атыңыз ким?" деп сурады. Ал мени көздөрү менен тигиле карап, чын жүрөгүнөн атымды сурап жаткандагы элеси бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Андан кийин күн сайын жолугуп сүйлөшө баштадык. Аны алгач дос катары көрчүмүн. Бирок убакыт өткөн сайын сүйүү сезими да пайда болду. Биз бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү мектептен келе жатсам алдымдан тосуп чыкты. Бир нерсе айтарын көздөрүнөн окуп турдум. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин ал мени тигиле карап "мага турмушка чыгасыңбы?" деди. Мен бир топко нес туруп калдым, эмне деп айтарымды билбей, акыры "ооба" деп жооп бергем. Андан башка эч нерсе айта албай койдум», - деди.

Болотбек Акунов: «Биздин учур союз кулап жаткан убакка туш келди. Кыргызстанда экономиканын абалы абдан төмөндөп кеткен эле. Ар бир адам өзүнүн жанын өзү багып калган. Ошондой кыйын кырдаалга карабастан, эртеңки күндөн коркпой үй-бүлө курдук. Кудайга шүгүр, жубайым экөөбүз 2 уул, 1 кыздуу болдук. Жашоонун кыйынчылыктарына карабай, алдыга умтулуп, элден ашып кетпей, артта калбай, бактылуу жашап жатабыз. Азыркы күндө мен баарына ыраазымын», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.27% (750)
«РСК Банк»
27.84% (392)
«Капитал Банк»
6.61% (93)
...
Всего голосов: 1408
×