Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЖайыл району 04.12.2018 16:28 На русском

Өзгөчө ысымдар: Женя Абдиевага таенеси түшүндөгү орус аялдын кызынын ысымын ыйгарган (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — 26 жаштагы Женя Абдиева (паспорт боюнча Эсенбай кызы Женя). Ага таенеси түшүнө кирген орус аялдын кызынын атын ыйгарган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Женя Абдиева 1992-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында төрөлгөн. Анын айтымында, көпчүлүк атын укканда абдан таң калышат.

«Менин атымды Женя деп таенем койгон экен. Апам кош бойлуу кезинде таенем түш көрүптүр. Түшүндө орус аял көз жарып, кызынын атын Женя коюп, таенем апама ак жоолук белек кылган экен. Ал ак жоолуктун четтеринде да Женя деген жазуу бар экен. Эртеси таенем апама түшүн айтып, кыз төрөлсө атын Женя коелу деп сүйлөшүшүптүр. Атымды уккандардын көпчүлүгү "өзүбүздүн ысым калбай калыптырбы, чын эле өзүңдүн атың Женябы, эмне үчүн Женя?" деп таң кала беришет. Мектеп босогосун аттаганда мугалимдер да абдан таң калышкан эле. Айрымдары паспортумду көргөндөн кийин ишенишет», - деди ал.

Женя үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү, бир туугандарынын арасында эрке кыз. Анын балалыгы Суусамырда өтүп, айылдагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектепте билим алган.

«Бактыгүл, Таттыбүбү, Айзат, Махабат, Алмаш, Амангелди аттуу бир туугандарым бар. Балалык кезимди эстегенде кайра кайтып баргым келет. Бала кезимде мени бөпөлөп баккан тирегим атам, мээримдүү апам, таянар жалгыз агам азыр жок. Атам айылда тракторист болуп эмгектенсе, апам колунан көөрү төгүлгөн уз болчу. 19 жашымда, тактап айтканда 2011-жылы атам кырсыктан каза болду. Атамдан айрылып, оор күндөрдү өткөрүп жатканда апам оору менен алышып, 3 айдан кийин көз жумду. "Өлбөс жандын жашоосу өтө берет" дегендей жашоо уланып жатканы менен биз үчүн абдан кыйын болуп, сагыныч, куса менен жашап келе жатабыз. Арадан 3 жыл өткөн соң таянар жалгыз агамды да ажалга алдырып, эмне кыларыбызды билбей, ыйлап кала бердик. Мындай оор тагдырды душманыма да каалабайт элем. Эжелерим болуп бири-бирибизге таянып, жөлөк болуп турабыз. Алар дагы турмушта өз жолдорун таап, бактылуу жашап келе жатышат. Мен да 1 кыз, 1 уулдун энесимин. Учурда май куюучу жайлардын биринде кассир-оператор болуп эмгектенем», - деди Женя.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×