Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуПанфилов району 03.12.2018 08:11

Панфиловдогу 2 айыл жарыктандырылып баштады

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Кайырма жана Эркин-Сай айылдарында жарык берүүчү чырактар орнотулуп жатат. Аялдар кеңешинин жетекчиси Динара Исакбекованын айтымында, 380ге жакын түтүн, 2 миңден ашык калкы бар аталган айылдар тоо боорунда жайгашкан. Айыл аралап өткөн жол Суусамыр, Чалдовар жана Казакстанга алып барат.

«Бүгүнкү күндө чырактар Орто-Кайырма айылынын Төлөкул молдо жана Токтогул көчөлөрүнө толук коюлуп бүттү. Калган көчөлөрдө жумуш улантылып, Эркин-Сай айылында да башталды. Андан соң Вознесеновка айылында чырактар коюлат. Бул жагымдуу көрүнүш жергиликтүүлөрдү кубандырууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×