Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуПанфилов району 30.11.2018 17:58

«Ууру ток болгон»: Панфиловдо почтанын жумушчулары электр жарыгынын жоктугуна нааразы (сүрөт)

Turmush -  Панфилов районунун Кайыңды байланыш бөлүмүндөгү почтада бир жылдан бери жарык маселеси чоң көйгөй жаратып, почтадагы жумушчулар жарыктын жоктугунан суукта иштей алышпай, 2 саат эле иштеп кетишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга почтада совхоз болуп эмгектенген Гүлжан Шадыканова билдирди.

«Мен Панфилов районунун Кайыңды байланыш бөлүмүндөгү почтада 2012-жылдан бери совхоз болуп эмгектенип келе жатам. Бул почта мурда эң башкы почта болчу. Азыр башкы офиси Кара-Балтада. Бул почта кирешени эң көп табат. Имаратыбыз мурун эски мектеп болчу экен. Азыр анын жарым бөлүгү почта болсо, жарым бөлүгү спорт комплекси. Ал спорт комплексинде спортчу балдар түнкүсүн келип машыгып жүрүшчү. Алар биздин почтанын терезеси аркылуу зымды сырттан тарттырып, ууру ток туташтырып алышыптыр. Электриктер келип дароо акт жазып, жумушчулардын ызылдаганына карабай, эч кимибизди укпай, бизге 100 миң айып салышты. Андан соң жарыкты өчүрүп кетишти. Бир жарым ай жарык жок болуп, суукта абдан чоң көйгөй жаралган. Айлабыз түгөнүп, аким аркылуу жарыкты күйгүзгөнбүз. Бирок райондук электр тармагынан кишилер келип, жарыкты өчүрүп,"эч нерсе кыла албайсыңа" деп, каныбызды ичип келе жатат. Мына бир жылдан бери жарык көйгөйү менен алышып жатабыз. Улам күйгүзөбүз, кайра эле өчүрүшөт. Биздин сөзүбүздү угар эч ким жок. Сууктан жана жарыктын жоктугунан жумушчулар 2 саат иштеп эле кетип калышат. Анда дагы элдер "иштебейсиңер" деп арызданышат. Түнкүсүн күзөтчүбүз куурады.

Курама айыл өкмөтүнө да кайрылдым. Барып, "ушул имарат силердин балансыңардабы?" десем ооба дешти. "Анда силердики болсо ушундай айып салып кетишти" десем, кайра "жок биздики эмес" деп так секиришти. Андан соң мамлекеттик каттоого барып, бул имаратты каратсам, таптакыр каттоодо жок экендигин, жада калса картада номуру жок экендигин билдим. Ошентип бизде далил жок болгондуктан, баары биздин мойнубузга илинип калды. Биздин күнөөбүз болсо дагы мейли дейт элек. Бирөөнүн колдонгон ууру тогу үчүн биз доого жыгылып олтурабыз. Же соттон жакшы жыйынтык чыкпайт. Эми дагы жакында сот болгону турат. Бирок, бизде күчтүү жактоочу жалдай турган дагы акча каражат жок. Ал эми райондук электр тармагынын акчалары көп, күчтүү жактоочу жалдашты. Алар акча менен гана бизди жеңгени турат. "Силер сотто баары бир утуласыңар" деп эле коркутуп, үркүтүп келип жарыкты өчүрүп кетип жатышат», - деди ал.

Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Эсенаманов: «Бизге кайрылышкан. Биз архивге документтерди алып барып тактасак, архивден табылган жок. Бул боюнча сураштыра келсек, мурун бул имарат райондук деңгээлдеги почта экен. Кийин ал Жайыл районунда көчүп кетиптир», - деди.

Райондук электр тармагынан жетекчиси Азиз Токтоналиев эч кандай акчанын күчү менен жактоочу жалданбаганын айтты.

«27-28-августта акт түзүлгөн. Почтада ууру ток болгон. Айыл өкмөтүнө кайрылганыбызда "ал биздин баланста эмес" деп, кагаз жүзүндө далилдеп берген. Ошондой эле "биз ал жерге спортчуларды киргизген эмеспиз" деген. Негизи 2005-жылы бул имарат боюнча почта менен келишим түзүлгөн экен. Ошентип жыйынтык чыкпаган соң сотко өткөрдүк. Соттун 1-турунда биз уттук. Эми экинчиси да каралып жатат. Андан тышкары эч кандай акчанын күчү менен жактоочу жалдаган эмеспиз. Бизге атайы Москва районуна жана Панфилов районуна бекитилген бир юрист бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×