Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуМосква району 30.11.2018 09:35

Москва районунда мал сарай толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 5 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 30-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Москва районунун Ак-Суу айылында 2 тонна тезек жана турак үйдүн короосундагы сарай толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле электр жабдууларды куроодо эреженин бузулушунан улам Жалал-Абаддагы Сузак районунун Сузак айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 25 чарчы метр чатыры, 1 даана аристон, 1 даана кир жуучу машина күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×