Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 28.11.2018 13:22

«Мелдеште карызды гана ойлойт экенсиң»: Бирөөдөн акча сурап, Якутиядагы таяк тартышка барган Э.Мүсүралиев 3-орунду ээледи

Turmush -  Якутияда өткөн таяк тартыш боюнча дүйнөлүк биринчиликке Кыргызстандан 12 спортчу катышты. Чүйдөн барган төрт спортчуну Сокулук районунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеӊештин депутаттары салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Дүйнөлүк биринчиликте 3-орунду камсыздаган Эмил Мүсүралиев жол киреге каражат таппай, бирөөлөрдөн карызга акча сурап барып келген.

«Биз мелдешке барабыз дегенде жол киреге акча издеп, тааныштардан сураштырдык. Негизи эле спортчулардын эӊ башкы көйгөйү, ушундай мелдештерге барарда жолго акча таппай кыйналышат. Мен Орок, Күн-Туу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнө, Сокулук райондук мамадминистрациясына ыраазычылыгымды билдирем. Сокулуктан Аскат Жунушалиев экөөбүзгө 5000 сомдон акчалай жардам беришти. Андан сырткары мен бир кишиден он миӊ сом карызга акча алып кеткем. Чынын айтканда, мелдеште атаандашыңды эптеп жеӊип, карыздан кутулсам деп калат экенсиӊ. Мелдеште ойдун баары карыз болуп калат экен. Кудайга шүгүр, 3-орунду алып келдик», - деди ал.

Эмил Мүсүралиев 19 спортчу менен күч сынашкан.

«Ал жерге жалпы 43 мамлекет чакырылган экен. Бирок 39 мамлекеттен спортчулар келип катышты. Мелдеш жарыяланып жатканда 1-орунга 100 миӊ рубль, 2-орунга 75 миӊ рубль, 3-орунга 50 миӊ рубль каралып жаткан. Кийин биз мелдешке барганыбызда, спортчулардын көптүгүнөн байгенин санын азайтып, 1-орунга 50 миӊ рубль, 2-орунга 30 миӊ, үчүнчү орунга 20 миӊ рубль тапшырышты.

Ал эми мелдеште мен 90 кг салмакта күч сынаштым. Анда 19 спортчу менен беттештим. Чүйдөн барган Аскат Жунушалиев да 3-орунду алса, Кеминден барган Азат Таштанбеков 2-орунду ээледи. Чүйдөн жалпы төрт спортчу барганбыз. Биз Кыргызстанга келгенде аэропорттон Орок, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчылары, айылдык кеӊештин депутаттары ырчы, комузчулар менен чогуу ырдап тосуп алышты. Бизге дем-күч берип турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, депутаттарга, айыл элине ыраазыбыз. Кудай буюрса, келечекте мындан да көп ийгиликтерди багындырабыз деп ишенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×