Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусу, Токмок 27.11.2018 14:01

Аалам кезген спортчу Н.Нурланов эки айры жолго түшкөн ата-энесин жараштырууну көздөп келет (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 25 жаштагы тургуну Нурсултан Нурланов 6-классынан бери спорт менен алектенип келет. Ал эркин күрөш жана эрежесиз эр уруш боюнча бир топ мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Токмок шаарындагы №7 орто мектепти 2011-жылы аяктап, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшыргам. Ал жерди 2017-жылы аяктагам. Негизи спорт менен 6-классыман бери машыгып келем. Спорт залга Белек аттуу жакын досум ээрчитип барган. Ошондо эркин күрөш боюнча Жайчыбек Усенов агайымдан тарбия алганы бардым. Ортодо ден соолукка байланыштуу спорттон четтеп кеттим. Спорт адамды өзгөртөт экен. Өзүӊө тыӊ болуп, таза, тыкан жүрүүгө көнөт экенсиӊ. Спорт бул менин жашоом десем жаӊылышпайм. Спорттун арты менен жер кыдырып, эл тааныдым. Көптөгөн дос күттүм. Көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерге катышып, 1-2-3-орундарды багындырып келе жатам. Жакынкы мезгилдерден бери эрежесиз эр уруш менен машыгып, мелдештерге катышып жатам», - деди ал.

Нурсултан Нурланов 1993-жылы Токмок шаарында төрөлгөн.

«Мен Токмок шаарында төрөлүп, ушул жерде эрезеге жетип чоӊойдум. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу болом. Азырынча бойдокмун. Бирок, жакынкы келечекте үй-бүлө куруу боюнча максаттар бар. Бирок ага чейин, эӊ биринчи максатым – атам менен апамды жараштырууну көздөп жатам. Тилекке каршы алар көп жылдан бери өз-өзүнчө жашашат. Ата-энем биздин байлыгыбыз, сүйүүбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×