Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуКемин району 24.11.2018 14:21

Кеминде «Тамеки тартуу ден соолукка зыян» акциясы өттү (сүрөт)

Turmush -  22-ноябрда Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы №19 кесиптик лицейдин окуучулары тарабынан «Тамеки тартуу ден соолукка зыян» аттуу акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар Кемин шаарын кыдырып, тамекинин зыяндуулугу тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баракчаларды таратышты. Иш-чарага Кемин ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы да катышып, окуучуларга колдоо көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×