Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусу, Кант 17.11.2018 15:01

Жеңеке: Канттагы мектептин директору Нурия жеңе кайын энеси чочуткандан кийин уй сааганды үйрөнбөй калган (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы 44 жаштагы Мэлсбек Нурия жеңе кайын энесинин айткан сөзүнөн чочуп уй сааганды үйрөнбөй калган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 21 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Учурда Кант шаардык №3 мектеп-гимназиясынын директору кызматтын аркалоодо.

«Жолдошум экөөбүз 1994-жылы Ысык-көл облусунан таанышканбыз. Анда апам экөөбүз бир пансионатка эс алганы барган элек. Ошентип 2 жылдай дос болуп жүрүп, 1996-жылы баш коштук. Жолдошум Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенет. Экөөбүз 1 кыз, 1 уулду тарбиялап-өстүрүп келе жатабыз. Кызым медицина тармагында 3-курста окуйт. Уулум да жогоркуу окуу жайдан билим алууда. Турмуштун өйдө-төмөнүн бирге жеңип, жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлө курдук», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар келиндик доордо эсинде калган окуяны эскерди.

«Мен Таласта төрөлүп, бирок 4-классымда Аламүдүн районуна көчүп келгенбиз. Ошентип Бишкек шаарына жакын жерде чоңоюп, уй сааганды билбей калдым. Жаңы келин болуп келгенде кайын энем «уй сааганды билесиңби?» деп сурап калды. Мен болсо шаардык кыз болуп өсүп кайдагы уй. Уялганыман «билем» дедим. Уйду алгач сааганы барып эле саап баштадым. Оң жагы сол жагынанбы айтор бир тарабынан отуруп сааш керек экен. Мен саап жатсам эле кайын энем «каран күн, бул кайсыл тарабынан саап аткан» деп айтып ийсе эле, чочуп туруп эле ошону менен уй саабай калдым. Ошондон кийин уй сааганды үйрөнгөн жокмун. Ошону менен калды», - деди Нурия жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×