Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Кант 16.11.2018 10:40 Жаңыланды: 16.11.2018 17:14

«Тагдыр»: Ара төрөлгөн Элидага эки операция жасалды. Ата-энеси жардам күтөт (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 35 жаштагы тургуну Айсулуу Калбаева эки көзүнө операция жасалгандан кийин башка ооруга чалдыккан 6 айлык кызы Элиданын өмүрүн сактап калуу үчүн элден жардам сурайт.

Өзүнүн айтымында, Элида 2018-жылдын 1-майында 6 айлык болуп төрөлгөн.

«Үч жарым ай ооруканада жаткандан кийин дарыгерлер кызыма 5-даражадагы ретинопатия (көздүн эң ички тор кабыгынын жабырлануусу) деген диагноз коюшкан. Мындан улам Санкт-Петербург шаарына барып, көзүнө операция жасатып келдик. Эми дагы апрель айында экинчи операциясы болот. Биринчи операциясы бүткөндөн кийин дагы бир ооруга чалдыкты. Кызыма дем жетпей, ага дарыгерлер трахеостома деген диагноз коюшту. Кекиртегинде чор (мозоль) пайда болот экен. Көзүнө операция болгондо наркоз бериш үчүн түтүк салышат экен. Ошондон улам чор пайда болуп, дем жетпей баштады. Санкт-Петербургдан келгенден 1 жумадан кийин ооруканага жатып, кайра кекиртегине операция жасалды.

Азыр оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тамагын тешип коюшкан, түтүк менен дем алат. Экинчи операцияга 5 миң доллардан ашык каражат керек болуп жатат. Азыр топтоп жаткан акчалар дарылануусуна сарпталууда. Үй-бүлөдө бир гана жолдошум иштейт. Анын тапкан акчасы тамак-аштан артпайт. Кызымдын кийинки операциясына акча чогултуу үчүн элге кайрылууга аргасыз болуудабыз», - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар 0554704706 номуру аркылуу Калбаева Айсулуу менен байланышса болот.

Банктык реквизиттер: сом менен 1280016052217436

Рубль менен 1280016052218345, доллар менен 1280016052217840, Элсом 0554704706

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×