Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуСокулук району 25.11.2018 21:34

Күйүп жаткан дүкөндөгү куткарылган «пачка-пачка» акчалар: Куткаруучу К.Базаркулов кесиби менен сыймыктанат

Turmush -  Сокулук районундагы Белек айылынын 28 жаштагы тургуну Кайрат Базаркулов бала кезинен кыялданган кесибине жетип, куткаруучу болуп эмгектенип келет. Ал адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн өз убагында сактап калган кезде алардын ыраазычылыгын угуп, элге жардамы тийип жатканына сүйүнөт. Куткаруучу менен аймактык кабарчы маектешип келди.

«Былтыр, 2017-жылы декабрь айында жумушта отурсак, түнкү саат 12:00дө чоӊ дүкөндөн өрт чыккандыгы боюнча маалымат келди. Ал Сокулуктун Кайназарова көчөсүндө жайгашкан экен. Биз барсак, аябай жалындап күйүп жатыптыр. Дүкөндүн ээси анын ичине кире албай жулунуп жатыптыр. Биз өзүбүздүн ыкма менен иштеп баштадык. Терезени сындырып, эшикти жулуп, суу чачыратып кирсек, ээси "мен ичине кирем" деп дагы деле жулунуп жатат. Биз "кирбеӊиз" деп аны кармап, тосуп жатабыз. Ал болсо "мен киришим керек, ичинде көп акчам бар, күйүп кетет" деп жандалбаска түшүп жатты. Кое туруӊуз деп, улам суу чачып, кассасына бардык. Ал дагы төр жагында жайгашкан экен. Кассасынын ичи жалындап күйүп жатыптыр. Сууну чачыратып, жарым-жартылай өчүрүп, кассасындагы атайын акча салган сумкасын алдык. Ичинде "пачка-пачка" акчалар. Болжол менен миллиондогон сом болсо керек. Биз дүкөндүн ээсинин колуна сумкасын карматсак, бизди карап таӊ калды. "Силерди акчага тийбей, толук бойдон алып чыгып берет деп ойлогон эмесмин. Мен силерди алып алды го дегем" деди. Биз ошол жерден дароо "байке, биз да адамбыз. Биз бирөөнүн күйүп жаткан оокатына, бирөөнүн мээнетине кызыкпайбыз. Биз өзүбүздүн ак эмгегибиз менен эле тапкан акчабыз жетет" деп жооп берсек, ал бизди ушунчалык жалооруп карады. Анын жүзүнөн чексиз сүйүнүчтү, чексиз ыраазычылыкты, ошол эле маалда кайгыны көрүп турдук. Анткени акчасын сактаганыбыз менен дүкөндүн ичиндеги миӊдеген акчага бааланган товарлары күйүп кеткен болчу.

Жашап жаткан үйү, мал-жандыгы, унаасы өрттөнүп кеткенде ээсин көрүп жаныӊ кейит. Анын ыйлаганын, кайгырганын көрүп, эмне деп айтарыӊды билбей каласыӊ. Адам баласы өзүнө өзү сак болуп жүрүшү керек. Өрткө каршы эрежелерди туура сактаса, жолдо болсо унааны эреже менен айдаса эле кырсыктар аз болот. Мындай кырсыктарга өзүбүз эле себеп болобуз», - деди ал.

Куткаруучу бул кесипти бала кезинен эле кыялданчу.

«Сокулук районундагы Белек айылына караштуу Аманкул Куттубаев атындагы орто мектебин 2008-жылы аяктагам. Ушул эле жылы аскерге кызмат өтөгөнү кеткем.

Бул кесипти бала кезден кыялданчумун. Куткаруучу болуп элдерге жардам берсем дечүмүн.

Жумушта ар кандай болот. Кээ бир адамдардын бактысы болот, куткарып каласыӊ. Кээ бирөөлөр биз баргыча каза болуп калат. Акыркы мүнөттөрдө үйүн өчүрүп, адам өмүрлөрүн сактап калган учурларыбыз көп. Бизге кайрылган адамдарга жардам бергенде, алар сага ыраазычылыгын айтып, сүйүнүп турса кесибиӊди дагы бир жолу сүйүп кетесиӊ. Элге жардамыӊ тийсе өзүӊдү бактылуу сезесиӊ», - деди ал.

Кайрат Базаркулов 1990-жылы Сокулук районунун Белек айылында төрөлгөн.

«Азыркы учурда үй-бүлөлүүмүн, 2 кызым бар. Келинчегимди, кыздарымды ээрчитип сейилдегенди, конокко барганды жакшы көрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.27% (750)
«РСК Банк»
27.84% (392)
«Капитал Банк»
6.61% (93)
...
Всего голосов: 1408
×