Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуМосква району 14.11.2018 10:27

Алмазбек Дубанаев Москва райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болду

Turmush -  Дубанаев Алмазбек Жылкыбайевич Москва райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болду.

А.Дубанаев 1982-жылы 29-апрелде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн. Юридикалык жогорку билимдин ээси.

Эмгек жолу:

- 2003-жылы Беш-Терек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүндө иштеген;
- 2004-жылдан 2008-жылга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты;
- 2004-жылы Мамкаттоодо жер маселелери боюнча адис;
- 2008-жылдан 2012-жылга чейин райондук кеңештин депутаты;
- 2009-жылы «Жылкыбай» дыйкан чарбасын түптөгөн;
- 2015-жылы Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Ак ниеттүү эмгеги жана ишинде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгү үчүн өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланган. Мындан тышкары 2018-жылы Беш-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынын чечими менен «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×