Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.11.2018 13:34 На русском

Сокулукта 14 жаштан 83 жашка чейинки шахматчылардын ачык чемпионаты өттү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айыл өкмөтүндө шахматчылардын ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган чемпионатка район боюнча 14 жаштан 83 жашка чейинки 14 киши катышып, анын үчөө алдыңкы орундарга татыды. 1-орунду Жолдошбек Сарыгулов жеӊип, 3000 сом, кубок, медаль, диплом жана Ч.Айтматовдун китеби менен сыйланды. 2-орунду Тынычбек Табалдиев алып, 2000 сом, медаль, диплом жана Ч.Айтматовдун китебин белекке алса, 3-орунга Өзгөрүш Мамбеталиев татып, медаль, диплом, Ч.Айтматовдун китеби жана 1000 сом менен сыйланды.

Мелдештин эӊ кенжеси — 14 жаштагы Нургазы Акылбеков шахмат жана Ч.Айтматовдун китеби менен сыйланса, 83 жаштагы аксакал шахмат белекке алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×