Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуМосква району 12.11.2018 11:16

Баш байгеге тай сайылган акимдин кубогу: Москва районунда көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Turmush -  10-ноябрда Москва районунда 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылы жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондун акиминин кубогуна арналган көк бөрү боюнча таймаш өткөрүлдү. Ага 10 айыл өкмөттөн командалар катышып, атаандаштар байгелүү орундарга ат салышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Көк бөрү таймашынын ачылыш аземинде райондун акими Азамат Эсенбеков: «Урматтуу Москва районунун тургундары жана меймандары! Ар бир элди бири-биринен айырмалап, өзгөчөлөнтүп турган бул каада-салт, маданият, тарых жана улуттук оюндар. Күжүрмөн кыргыз элинин жашоосунда улуттук оюндар башкы орунду ээлеп, өзгөчө, көчмөн жашоону башынан өткөргөн биздин элде ат оюндары кеңири жайылгандыгы бардыбыгызга белгилүү.

Илгертеден бери кыргыз калкы улуттук көк бөрү оюнун даңазалап, балдарды жаш кезинен ат жалында ойноп шамдагай, таш булчуңдуу балбан, эр жүрөк баатыр болгонго тарбиялап келген. Көк бөрү оюну азыркы кезде өлкөбүздө гана эмес, дүйнө жүзүндө улуттук спорттук оюн катары өнүгүп жаткан кези. Бүгүн биздин райондо да ат үстүндө айгай салып, камчысын кырча тиштеген азаматтарыбыз көңүл кубанткан мыкты оюн көрсөтүшөт. Бул иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүлгөндүгү районубуздун тарыхына жазыларында шек жок. “Така туякты сактайт, туяк атты сактайт, ат эрди сактайт, эр элди сактайт” дегендей, атыңар ташыркабасын, өзүңөр эл намысы, журт бүтүндүгү үчүн бар болгула», - деди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э.Ашырбаев жана коомдук ишмерлер да сөз сүйлөштү.

Бул күнкү көк бөрү таймашы спорттук жана маданий майрамга айланып, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, ошондой эле «Ак-Марал» жана райондун маданият кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Таймаш жыйынтыгында райондун акими 1-орунду ээлеген Ак-Суу айыл өкмөтүнүн командасына тай, кубок жана диплом тапшырды. Ал эми 2-орунду багындырган Предтеченка айыл өкмөтүнө 15 миң сом жана диплом, 3-орундун ээси Александров айыл өкмөтүнө 10 миң сом жана диплом берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×