Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуМосква району 02.11.2018 12:19

Москва районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  1-ноябрда Москва районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондо 166 маданият кызматкери эмгектенет. Тактап айтканда, 2 музыкалык мектеп, 25 айылдык китепкана, 12 клуб башчылары, 5 көркөм жетекчи жана башкалар калкка кызмат көрсөтүшөт. Мындан сырткары «Ак-Суунун ак элечек айымдары» этно-фольклордук тобу түзүлгөн.

«Тарыхы терең элибизде маданияттын ролу жогору. Элибиздин руханий баалуулуктарын сактоодо, даңазалоодо маданият өзгөчө орунду ээлейт. Жашообузду маданиятсыз элестетүү мүмкүн эмес. Районубуздун саясий-маданий, социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүндө сиздердин салымыңыздар зор. Кесиптик майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу маданият кызматкерлери», - деди аким.

Салтанатта райондун маданият бөлүмүнүн башчысы Жамал Молдокулова 13 кызматкерди маданият бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле салтанатта Нурбек Асылбашевге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тапшырылды. Ал эми М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинин директору Гүлкаир Усенова «Генералы мира за мир» эл аралык ассоциациясынын «Голубь мира» медалын тагынды.

«Данакер лингво» илимий маданий коомунун президенти Кундуз Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында үрп-адат, каада-салтка кошкон салымы үчүн 3 маданият кызматкерине төш белги такты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×