Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусу, Орловка 27.10.2018 15:16

Айыл турмушу: Балдарын окутуу үчүн күнү-түнү иштеген Т.Асанбекова эми 4 аялды жумуш менен камсыздады

Turmush -  42 жаштагы Токтогүл Асанбекова Кемин районундагы Орловка шаарында тигүү цехин ачып, 4 аялды жумуш менен камсыздады. Ал жолдошу менен Якутияга чейин барып иштеп, студент балдарын багуу үчүн күнү-түнү эмгектенгенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Токтогүл Асанбекова 1976-жылы Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында төрөлгөн. Айылдагы мектепти аяктап, 18 жашында турмушка чыккан.

«Элдин баары жумушсуз калып, айрымдар чет жакка жумуш издеп кеткенде жолдошум экөөбүз да 1993-жылы Якутияга сапар алдык. Ал жерде улуу балабыз төрөлдү. 1995-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Кемин районундагы Орловка шаарчасында жашап калдык. Арткан акчаны чогултуп, тигүү машинасын сатып алып, "Дордой" базарындагы кичинекей орунда кийимдерди оңдоп-түзөп иштедим. Тигүүчүлүк өнөр апамдан калган. Апам шырдак шырып, курак курачу. Бала кезден эле кол өнөрчүлүккө аралашып, өздөштүрүп алдым. Кийинчерээк Бишкектеги тигүү цехтеринде иштедим. Орловкадан барып келип иштечүмүн. Балдарым студент болгондо Бишкекте батирге чыктык. Кыйын мезгил болуп, ага улай студент балдарымды окутүү үчүн күнү-түнү иштедим. Жолдошум электрик болуп жумушка орношуп, Орловкадагы үйүбүз кароосуз калган. Андан кийин тигүү машиналарды алып, өзүбүздүн үйгө келдим», - деди ал.

WhatsApp Image 2018-10-27 at 10.59.30 (1) Токтогүл Асанбекова тигүү цехин ачууну кыялданып келген. 2017-жылы өнөктөш таап, 4 тигүү машинасын сатып алышкан.

«Орловкадан 10 миң сомго ижарага имарат алып, цех иштетип баштадык. Ишти жаңы баштаганда кездеме алганга акча жок соодагерлер менен сүйөлүшүп, кездемени карызга алдым. Учурда 7 тигүү машинасы бар. Ар бирин 700, 400 доллардан сатып алганбыз. Цехте көбүнчө хиджап, сумка тигебиз. Быйыл жайында футболка тигип, жакшы киреше таптык. Кышкыга баш кийим да тигип жатабыз. Бүгүнкү күндө цехте 4 аял эмгектенет, алар 4000-8000 сомго чейин айлык маяна алышат», - деди ал.

Ишкер айым 2 уулдун апасы.

111

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×