Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.10.2018 11:27

Сокулукта волейбол жана футбол мелдеши уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылы менен Камышанов айылынын тургундары дени сак жашоого үндөгөн спорттук мелдешке катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Дүйнөлүк уюм тарабынан футбол жана волейбол мелдеши уюштурулуп, ага жалпы 9 тайпа катышкан.

«Окуучу-мугалимдерден эки тайпа, жаштардан жана мырзалардан экиден команда жана айымдардан түзүлгөн 3 тайпа спорттук мелдешке түшүштү. Ал эми иш-чарага жалпы 90 адам катышты. №4 орто мектептин мугалимдери жана окуучулары мелдешке активдүү катышып, алдыңкы орундарды алышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×