Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 23.10.2018 11:14

Эл ичи — өнөр кенчи: Субмаданияттын өкүлү А.Суйгумбаевдин чыгармачылыгы

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын 18 жаштагы тургуну Абдулазиз Суйгумбаев 7 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет. Ал буга чейин Казакстандын «Кагаз кеме» аттуу телесериалына тартылган. Аймактык кабарчы Абулазизден (лакап аты — Azico) кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жакында эле ал ырчылар тобун түзүп, кыргыз коомчулугуна субмаданиятты (жашоону көркөмдүү, кызыктуу өткөрүүгө багыт алуу) көрсөтүүгө бел байлап жатат.

«Мен 3 айдан бери кастинг өткөрүп, таланттуу балдарды чогултуп, топ түздүм. Команда 6 баладан куралды. Анын үчөө рэпер болсо, үчөө вокалист. Топтун эӊ башкы максаты – KG-рop жанрына салым кошуу жана кыргыз поп музыкасын дүйнөгө танытуу. Бул топту коомчулук жакшы кабыл алат деп ойлойм.

Эмне үчүн биз субмаданиятты тандап алдык? Азыркы тапта биздин жаштар Кореянын тасмаларын көрүп, музыкасын угуп, андагы ырчыларды, каармандарды туурап чыгышууда. Ал тургай кыздарыбыз корей жигиттерин сүйүп калышууда. Мындай көрүнүш бизди аябай өкүндүрөт. Алардын баары кореялыктардын маданиятына агылууда. Ошондуктан биздин жаштарды сырттан карап тура бербей, ушул эле субмаданияттын негизинде кыргыз музыкасын коомчулукка жеткирүүнү чечтик», - деди ал.

Абулазиз буга чейин телесериалда экинчи пландагы актёр катары роль жараткан.

«Тасмага болгон кызыгуум анчалык деле жок болчу. Ал эми музыкага болсо 12 жашымдан бери кызыгып келем. 6-7 жылдан бери чыгармачылык менен алекмин. Ал эми өткөн жылы "Кагаз кеме" аталышындагы сериалга тартылдым. Тасма Казакстандагы телеканалдардын биринде көрсөтүлүп жатат. Кастинг аркылуу тандалып алынып, экинчи пландагы актёр болдум. Сериалдын айрым эпизоддору Бишкектеги жогорку окуу жайда тартылды. "Кагаз кеме" жаштарга арналган музыкалык жанрдагы тасма болду. Анда Казакстандын мыкты бийлеп жана ырдаган "Ninety One" тобу башкы ролду аткарды. Ушунда эң алгачкы жолу тасмага тартылдым. Чынын айтсам, аталган топтун ыр-бийлери жакчу. Аларды сыйлаганым үчүн чогуу иштештим. Тажрыйба алуу өтө кызыктуу жана сыймыктуу болду», - деди ал.

Абдулазиз аталган айылда 2000-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал 4 бир туугандын улуусу.

«Атамдын аты Абдыкадыр, апамдын аты Айзат. Эки иним жана 1 карындашым бар. Максатым абдан көп. Кыргыз шоу бизнесин өзгөртсөм дейм. Азыр жашым он сегизде.

Чыгармачылыкта жакшы пландарды алдыга койдум. Учурда менин биринчи дебюттук ырымды жаздырып, сапаттуу кылып чыгарсам деген ниет менен каражат издеп жүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×