Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу, Кант 22.10.2018 12:46 На русском

«Афроамерикалык деп ойлошот»: Кыргыз кызы Мая сулуулар сынагында жеңүүчүлөрдүн бири болду (сүрөт)

Turmush -  Кант шаарынын 13 жаштагы тургуну Мая Эралиеванын атасы кыргыз, апасы дунган улутунан. Бирок аны көпчүлүк афроамерикалык деп ойлошот. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мени көбү афроамерикалык деп ойлошот. Албетте, мен кыргыздын кызы экениме сыймыктанам. Мага элимдин кеӊ пейилдүүлүгү, ак жүрөктүгү жана баатыр мүнөзү жагат. Мен бул дүйнөдөгү бардык адамдар ушундай ак көӊүл, пейили кенен, адептүү, ыймандуу болушса деп тилек кылам. Дүйнөдө согуш болбой, тынчтык болсо дейм. Адамдар улутка, динге бөлүнбөй ынтымакта жашашса, кандай гана керемет болмок», - деди ал.

Мая жакында эле өткөн сулуулар сынагында «Стилдүү сулуу» наамын жеңип алган.

«Мен бул сынакка курбу кызымдын сунушу менен катышып калдым. Албетте, алгач аябай толкундандым. Коркуу сезими да болду. Бирок, кудайыма шүгүр баары жакшы болду.

Бош убактымда бийлегенди жана ар кандай чыгармаларды, жомокторду жазганды жакшы көрөм. Келечекте модельер болгум келет. Эгер ал болбосо, анда тиш дарыгери болом. Бул менин экинчи вариантым», - деди ал.

Мая Эралиева 2005-жылы 1-майда Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×