Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Кант 18.10.2018 17:41 На русском

Сүрөт: Канттагы жол кырсыктан бир адам каза болуп, бешөө ооруканага түштү

Turmush -  Кант шаарындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 адам ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалымат боюнча, жол кырсык бүгүн, 18-октябрда болгон.

Жабырлануучулар Кеңеш айылынын тургундары.

Алар:

- 1973-жылы туулган Д.А. (аял киши), баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган;

- 1980-жылы туулган Б.А. (аял киши), баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган;

- 1972-жылы туулган Д.Н. (аял киши), баш сөөгүнөн, башынан жаракат алып, мээси чайкалган;

- 1965-жылы туулган Д.Д. (эркек киши) баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган;

- 1995-жылы А.А. (аял киши) баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган.

Учурда каза болгон эркек кишинин өздүгү такталып жатат.

Кийинчерээк маалым болгондой, 17-октябрда саат 23:30 чамасында «Хонда СРВ» унаасы жолдун четинде токтоп турган трактордун чиркегичин сүзүп токтогон. Айдоочу караңгыда чиркегичти көрбөй калган болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×