Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуПанфилов району 18.10.2018 09:34

«Чаң болсо да жолдору, чаңкооңду басат Чорголу»: Элеттик апалардын чыгармачылыгы (сүрөт)

Turmush -  2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылында Чүй облусунун Панфилов районундагы Чорголу айылында «Чорголунун ак элечек айымдары» этно-фольклордук тобу түзүлгөн. Бул топтун чыгармачылык чөйрөсү менен аймактык кабарчы таанышты.

Маалым болгондой, тоо түбүндө жайгашкан, каттамы татаал, чакан Чорголу айылында 50 жаштан өткөн апалардын мындай топту түзүп, чыгармачылыкка чыйралышы коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.

«Туура. Ушул жылдын май айларында топ түптөлдү. Курамына 14 аял кирип, өз демилгебизди, өнөр-талантыбызды дагы бир жолу даңазалоого бел байладык. Дагы бир жолу дегенибиз жаштыгыбызда уюткусу, көрөңгөсү бар шыгыбыз кайрадан жанданды. Ыр менен жашоону чечтик. Жаш муундарга музыка, искусство дүйнөсүндө жашоонун үлгүсүн көрсөтүп, уул-кыздарыбызга үлгү бололу дедик. Ошондой, айылдык апалардын турмушу.

Жетекчибиз Жакшылык Жапаралиева ар бирибизге кадимкидей талап коюп, топтун биримдигин, бүтүндүгүн чыңдап келет. Бизди колдогон, демөөрчүлүк көрсөтүп, жарашыктуу формалар менен камсыздалышыбызга кам көргөн кызыбыз Эльмирага ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди топтун мүчөсү Алмаш Рысалиева.

Жергиликтүү тургундар «Чаң болсо да жолдору, чаңкооңду басат Чорголу» дешип, жайы салкын, кымызын эл суктанып ичкен, бүлдүркөн терген керемет жергеси менен суктанышат, сыймыктанышат.

А.Рысалиева: «Баса, телекөрсөтүүлөргө тартылдык. Райондун борборуна, Тельман айылындагы “Эне тилим — эне сүтүм” аттуу иш-чараларга чакырылдык. Жердешибиз, мектептин директору С.Карбосовдун “Чорголум” жана Алыкул таануучу, изилдөөчү Ж.Турусбековдун “Ыйык жер” деген ырларына обон жаратып, таңшып келебиз. Хорго айлантып, колдоо таап турган чагыбыз», - деди ал.

Чорголум

Сөзү: Султан Корбосовдуку

Мекеним, кымбатым, Чорголум,
Мен сенин көркүңө тойбодум.
Мекенин кайда деп сураса,
Мен сени биринчи ойлоймун.

Ташкындайт өзөндө сууларың,
Таңшыбай кантип мен турамын.
Талыкпай иштесем бул жерден,
Табамын турмуштун жыргалын.

Тоолорум – бул менин ырыскым,
Тоолордун көркүнө кызыктым.
Тоолордон байлыкты мол жыйнап
Татамын таттуусун турмуштун.

Кара-Ойдо кулпунса чөптөрүң,
Кантип мен карабай өтөмүн.
Көңүлдү коюп мен көп иштеп
Көздөгөн максатка жетемин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×