Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуКемин району 07.01.2019 20:27 Жаңыланды: 27.01.2019 16:40

Тарых инсаны: 88 жаштагы Жумабай ата бир маал гана тамак ичип, 15 чакырым жолду жөө басып билим алган (сүрөт)

Turmush -  Кеминдик Жумабай Бейшеев күнүгө бир маал эле тамак ичип, 15 чакырым жолду жөө басып билим алган. Анын эмгеги кайтып, мамлекеттик жогорку кызматтарда эмгектенген.

Жумабай Бейшеев 1930-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Алмалуу айылында төрөлгөн. Ал Чүй облусундагы эӊ кары адамдардын катарында турат.

«Менин балалыгым Улуу Ата Мекендик согуш учуруна туш келген. Муну менен көп нерсени элестетсеӊиз болот. Албетте, силер ал жашоону тасмадан көрүп, китептен окудуӊар. А, биз ошол заманды башыбыздан кечирдик. Мектепке барып, кайра үйгө келгенде колхоздун талаа жумуштарына жөнөчүмүн. Бардык жерде ачкачылык болуп турган кез. Бир күн кечке телпектеп эмгектенип жүрүп, бир маал гана тамак ишчүбүз.

Эӊ оор мезгил 7-классты бүткөндө башталды. Бул учурда мектептен эң мыкты окуган балдарды тандап, Быстровка районунун Кызыл-Октябрь кыштагында жайгашкан Пишпек айыл-чарба техникумдун филиалына окууга жиберишчү. Мени да жиберишти. Ал жакта жата турганга үй жок, күнүгө 15 чакырым жолду жөө басып, Алмалуу айылынан Кызыл-Октябрга барып окумай болдум. Элестетүү кыйын, бирок мен ошентип билим алдым. Мага билим алуу оӊойго турган жок. Кышында ызгаар суукка карабай, жаз менен күздүн ысык күндөрү ысыганыма карабай, мектепке да, үйдүн жумуштарына да жетишип, ошол 15 чакырым жолду ылдамдык менен басып өтчүмүн.

Ошентип 2 жыл аталган техникумда окуган соӊ, 1945-жылдан 1950-жылга чейин Быстровка районунун Борду колхозунда башкы бухгалтер болуп эмгек жолумду баштадым. Заман бир аз оӊолуп калгандай болуп сезилип калды. Баягы кыйынчылыктар азайды. Жөө жалаӊдап тырышып окугандын пайдасы тие баштады. Андан ары Комсомол колхозунун башкы бухгалтери, 1951-1952-жылдары Нарын облусунун Куланак районунун Кызыл-Эмгек колхозунун башкы бухгалтери болуп эмгектендим. Ал ортодо, 1952-жылы Фрунзедеги Мамлекеттик мугалимдер институтуна өтүп, аны артыкчылык диплому менен 1954-жылы аяктап алгам. Андан соӊ кайрадан өз кесибиме келип, «Белый-Пикет» машина-трактор станциясында улук инструктор-бухгалтер, 1956-жылдан 1961-жылга чейин Кемин районунун Жаңы-Алыш совхозунда башкы бухгалтер болуп эмгек жолумду андан ары уланта бердим. Ошентип жетекчилик кызматтарга келдим. Тактап айтканда, 1961-жылдан 1963-жылга чейин Кемин райондук социалдык камсыздоо бөлүмүн (райсобес) жетектедим. 1963-1964-жылдары Балыкчыдагы шаардык социалдык камсыздоо бөлүмүндө, ал эми 1964-жылдын август айынан 1965-жылдан январь айына чейин Токмок шаардык социалдык камсыздоо бөлүмүндө, 1965-жылдын январь айынан 1996-жылдын майына чейин Кемин районунун социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 1965-жылдан 1990-жылга чейин бир эле учурда Кемин районунун мамлекеттик мекемелер кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасынын милдетин аркалап келгем», - деди ал.

Жумабай ата СССРдин мамлекеттик мекемелер кызматкерлеринин Москва шаарында өткөн XXIV съездинин делегаты, СССРдин мамлекеттик мекемелер кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин текшерүү комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, андан соң ушул республикалык комитеттин пленумунун мүчөсү болууга жетишкен.

Анын эл-журтуна жасаган ак эмгеги Кыргыз Республикасынын министрлер совети жана өкмөтү тарабынан жогору бааланган. Үзүрлүү эмгектин арты менен «Эмгек ветераны», «Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Күжүрмөн эмгеги үчүн» юбилей медалына, «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 30 жыл», «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 50 жыл» медалдарына татыктуу болгон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин ардак грамотасы менен эки жолу, Кыргызсовпрофтун, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. КРдин президентинин 1996-жылдын 28-ноябрындагы жарлыгы менен «КРдин калкын тейлөө чөйрөсүнүн эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы ыйгарылган. 1996-жылдан бери КРдин ардактуу (персоналдык) пенсионери болуп, ардактуу эс алууда.

«Атам Байсалов Бейше, энем Черикбаева Сайна Алмалуу айылынын Комсомол колхозунда жашап, өмүр бою колхоздо иштеп, үч уул, эки кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Мен болсо үй-бүлөдө балдардын экинчисимин. Агам Бейшеев Азыкбай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Алмалуу колхозунда жетекчи кызматтарда иштеген. Карындашым Бейшеева Сүйүмкан мугалим, эл агартуунун отличниги болгон, азыркы учурда пенсионер. Дагы бир карындашым Бейшеева Сүйүн жана иним Бейшеев Коңурбай өмүр бою Алмалуу колхозунда эмгектенишкен», - деди Жумабай ата.

Ал кошуна турган колхозчулардын кызына баш кошкон.

«Кемин районунун Жаңы-Алыш совхозунда башкы бухгалтер болуп эмгектенип жүргөн учурда кошуна турган колхозчулардын кызы Кымбат Маразыкова менен таанышып калдым. Бир аз мамилебиз жакшы болуп, үйлөнүү боюнча сунуш киргизип, 1958-жылы баш коштук. Өмүрлүк жубайым Кымбат Маразыкова менен бирге жети баланы тарбиялап, аларга жогорку билим берген бактылуу ата-эне болдук. Балдарымдын бардыгы учурда өлкөнүн экономика чөйрөсүнүн ар түрдүү тармагында эмгектенип, элге-жерге өз салымдарын кошуп келе жатышат. Менин жашоомдогу эӊ бактылуу көз ирмем кайсы? Албетте, Улуу Ата Мекендик согуш басылган күнү жана балалуу болгондо аябай бактылуу болгом!», – деди ал.

Бейшеев Жумабайдын 4 уул, 3 кызы, 19 небере, 17 чөбүрө, 2 кыбырасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×