Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 15.10.2018 08:11

Өспүрүм кезинде чоңдор менен ойногон Самат дарбазага бир да топ киргизбегени үчүн акырегин атайын сындырышкан

Turmush -  Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургуну Маанабек уулу Самат бала кезинен бери футболдо дарбазачынын милдетин аткарат. Ал кичине кезиндеги мелдештердин биринде дарбазага бир да жолу топ киргизбей, командасын сактап калган. Ага ачууланган атаандаштары акырегин атайын сындырышкан.

Мыкты дарбазачы аталган Самат менен аймактык кабарчы таанышты.

«Эмне үчүн экенин билбейм, мектепте окуп жүргөндө дарбазага туруп калдым. Күн сайын футбол ойногондо балдар мени топту жакшы тозосуӊ, дарбазага тур деп тургузуп коюшчу. Ошол бойдон дарбазачы болуп калдым. Андан кийин Кыргызстандын ичиндеги мелдештерде да дарбазачы болуп жүрдүм. Бир топ ийгиликтерге жеттим.

Эсимде, 8-класста окусам керек. Бир майрамдын урматына футбол мелдеши болуп, мени да тайпага кошуп алышты. Бирок ал мелдеш чоӊ кишилердин мелдеши болчу. Мен алардын арасында эӊ кичүүсү болуп ойнодум. Ошол оюнда каршылаш тайпа бир да жолу топ киргизе албай койду. Көрүүчүлөр да, ойногондор да таӊ калышкан. Ошол жылдары дагы бир айылда футбол мелдеши болуп, чоӊ кишилер мени ээрчитип алышты. Ал жакта да жалаӊ чоӊ кишилер ойнойт экен. Мында да бизге каршы ойногон тайпанын тобу дарбазага кирген жок.

Бир маалда топту секирип тээп, кайра ылдый түшүп келе жатканымда бир киши мени атайын сүзүп кетти. Ошондо акырегим сынган. Ага чейин эле мени тээп, чаап башташкан. Азыр ойлосом алар мени чүнчүтүп, сындырып, «духумду» түшүргүсү келген окшойт», - деди дарбазачы.

Ал футбол менен профессионалдык деңгээлде машыккан эмес.

«Мен атайлап деле машыккан эмесмин. Болгону айылдагы балдар менен ойноп жүрүп, ушул ийгиликтерге жетиштим. Мындан сырткары кол менен мушташуу, кикбоксинг жана самбо менен машыгууга кызыгам. Азыркы жаш муунду да спорт менен машыгууга чакырат элем», - деди ал.

Маанабек уулу Самат 1992-жылы Жумгал районундагы Кызарт айылында төрөлгөн.

«Нарында төрөлгөнүм менен Токмок шаарынын Покровка айылында чоӊойдум. Ошол айылдагы №14 мектепти аяктап, аскерге барып келдим. Ушундай даражага жеткирген ата-энеме ыраазымын. Үйдө 4 бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Өзүм 2014-жылы үйлөнгөм. Келинчегим экөөбүз 2 кызды тарбиялап жатабыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×