Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуЧүй району 12.10.2018 11:57

Айыл турмушу: 22 жаштагы аскер кызматкери Айдарбек футбол мелдешинде мыкты чабуулчу аталды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылынын 22 жаштагы тургуну Айдарбек Талантбек уулу Токмок шаарында өткөн футбол мелдешинде мыкты чабуулчу аталды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурунда тиш дарыгери кесибине ээ болгон Айдарбек азыр аскер кызматкери.

«Футболду кичинекей кезимден бери эле ойнойм. Айылдагы балдар күн сайын кечке маал чогулуп, футбол ойночубуз. Ошондой эле спорт залга барып, грек-рим күрөшү менен машыккам. Спорттун бул түрүнөн бир топ ийгиликке жетиштим. Бирок убакыттын тардыгынан улам 5 жылдан бери күрөш менен машыкпай калдым. Ал эми футбол боюнча ири мелдештерге катышып келем. Жакында эле Токмокто өткөн мелдеште "Мыкты чабуулчу" наамын жеңип алдым. Келечекте Кыргызстандын курама тайпаларында, лигаларда ойногум келет», - деди ал.

WhatsApp Image 2018-10-12 at 10.41.35 Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу.

«Менден кийин 2001-жылы төрөлгөн иним бар. Өзүм алгач Бишкектеги колледжден тиш дарыгерлик кесибин алып чыккам. Учурда Кыргызстан эл аралык университетинде 3-курстун студентимин. Буга улай аскер кызматкеримин», - деди ал.

WhatsApp Image 2018-10-12 at 10.41.34 (1)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×