Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.10.2018 10:25

Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Ниязалиевдин цехинде күнүнө 3 кап ун ар кандай таттууларга айланат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 44 жаштагы тургуну Аскат Ниязалиев 10 жылдан бери таттууларды чыгаруучу цех иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, цехте таттуулардын 50дөй түрү жасалат.

«Үй-бүлөмдүн жардамы менен мындан 10 жыл мурун айыл ичине чакан ишкана ачып, ушул кезге чейин иштетип келе жатам. Бул жерде айыл ичиндеги кыз-келиндерден 10 адам иштешет. Айлык акы 8 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот. Жумасына 1 күн эс алабыз, калган күндөрү иштейбиз. Жумуш убактысы эртең менен 9:00дөн кечки 18:00гө чейин. Буйрутма көп болуп калса үйлөрүнө 1-2 саат кеч кеткен учурлар болот. Буйрутмалар майрам күндөрү жана күзүндө көп түшөт. Ал учурда баарын жасап жетишкенге аракет кылабыз.

Күнүнө таттуулардын 50дөй түрү, токочтун 20дай түрү, торттун түрлөрүн жасап чыгарабыз. 1 күндө 100 кг таттуулар чыгарылса, торттон 50 даана жасайбыз. Аларды айыл ичиндеги жана башка райондогу дүкөндөргө таркатабыз. Дүкөндөргө токочторду 80 сомдон, тортторду 230 сомдон, рулеттерди 30 сомдон таштайбыз. 1 күндө 3 кап ун керектелет. 1 жылдык чыгаша 200 миң сомду түзсө, киреше 500 миң сомго чейин барат», - деди ал.

Ишкер мырза 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×