Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 10.10.2018 14:13

Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү депутат менен фермер талапкер болду

Turmush -  Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 19-октябрга дайындалды. Ал эми талапкерлерди каттоо 11-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүнкү күндө эки талапкер документтерин тапшырды. Алар: жергиликтүү кеңештин депутаты — 1972-жылы туулган Айбек Баков жана фермер — 1967-жылы туулган Алмаз Кыштообаев.

Ушул жылдын сентябрь айынын аягында Сары-Коо айыл аймагынын депутаттары айыл өкмөт башчысы Урмат Адековго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөндөн кийин Жайыл райондук администрациясына кат жөнөтүшкөн. Андан кийин У.Адеков өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен болчу.

Ал 2017-жылы февраль айында аталган айыл өкмөткө башчы болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×