Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуСокулук району 10.10.2018 11:04

Сокулукта кырсыктардын алдын алуу үчүн үч миңдей окуучунун катышуусунда машыгуу өттү (видео, сүрөт)

Turmush -  Сокулук районунун аймагында 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейинки аралыгында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын алкагында машыгуулар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

«Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын, мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин кызматташуусунда жана жоопкерчилиги чектелген жеке ишканалар менен өрт коопсуздугу, табигый кырсыктардын түрлөрү, алардын алдын алуу боюнча ачык сабактар, түшүндүрүү иш-чаралар өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чарага 17 билим берүү мекеме, 3864 окуучу, 160 мугалим, 41 техникалык кызматкерлер катышты. Мындан сырткары ондой кафелерде, 3 жоопкерчилиги чектелген жеке ишканаларда өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×