Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.10.2018 09:48 На русском

Сүрөт — «Экономист, дарыгер жана мушкер болом»: Сания Шакированын артында калган 3 баласынын тилеги

Turmush -  31 жаштагы Сания Шакирова 2018-жылдын 28-мартынан 4-апрелине чейин Вьетнамдын Нячанг шаарындагы өткөн «Miss Universe Beauty» эл аралык сынагында «Missis World 2018» («Дүйнөнүн сулуу айымы-2018») наамын жеңип алган. Коомчулукту кубандырган кабар элдин катмарына толук сиңе электе каргашалуу окуяга айланган. Тактап айтканда, 2-июнда саат 21:30 чамасында Балыкчы—АнаньевКаракол жолундагы жол кырсыгынан дүйнө сулуусу каза тапкан.

Арадан 4 ай өттү. Канчалык күндөр, айлар, убакыт өткөн сайын апасы Насипанын жүрөгүнө дүйнө сулуусу, эң кичүү эрке, жароокер кызы Саниянын жаркын элеси ошончолук жакындай берет. Көз алдына баскан-турганы, кыймыл-аракети чагылып, күлкү чачкан тамашакөй сөздөрү кулагына жаңырып турганы-турган. Кээде эч кимге көрүнбөй эзилип ыйлап да алат. Сагынат, кусаланат. Кадимкидей түшүндө сүйлөшөт, сырдашат. Кубанычы кан тамырларына толуп, жан дүйнөсүн бийлеп турганда капилеттен кайгы торуна түшкөн дүйнө сулуусу Саниянын апасы — Насипа Мамбеталиева Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 61 жаштагы тургуну. Анын күйүткө оролгон күндөрү, жүрөгүн жанчып, жүлүнүн сыздаткан жашоосу, неберелерин жетелеп келечек максаттарга койгон аруу, арзуу үмүттөгү турмушу менен аймактык кабарчы таанышты.

Кайгылуу күндөрдү эстеп көпкө үн катпай, 8 жаштагы небереси Ринаттын башынан сылап, бир чекитке көз нурун багыттап отурду. Ал чекит менин эс-туюмум боюнча Саниянын жаркын элеси, түбөлүктүү трубинасы сыяктанат. Сезип турдук. Насипа апа ичинен ыйлап, сыздап жатты. Бир топто барып башын көтөрүп, «тагдыр ушундай тура. Сания кызым кубаныч менен кайгыдан бүткөн түбөлүктүү эстелигим болуп калды» деди да сөзүн улады.

«Сания Шакирова “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018” наамынын ээси. Бул туура түшүнүп, терең ой калчаганда эмне деген бийиктик. Мындан өткөн жол жок. Ушундай наамга жеткен Сания кызым бакыттын чексиз сүйүнүчтүн, өмүрдүн кубаныч азыгынын бир саам даамын татты.

Аз убакыт, кыска күндөрдө ак жоолугун желбиретип аалам сызды да, канчалык бийиктикке жетсе, кайра ошончолук кабыргабызды кайыштырып караңгы түнгө, кайрылып келбес жолго түшүп кете берди.

Биз жөнүндө жазылган кабарлар түрдүү болуп кеткен учурларда оор күндөрүбүзгө кошумча жүк түшкөндөй сезилет. Жолдошум Шакир жана неберелерим менен Кара-Балтада жашайбыз. Улутубуз кыргыз. Шакир таластык, экөөбүз тең 61 жаштабыз. 5 балалуу болдук. Алар — Наргиза, Руслан, Айгүл, Альбина жана кичүүбүз Сания болчу. Учурда 15 неберебиз бар.

Саниянын балдары — Алия 12, Камиля 10, Ринат 8 жашта. Үчөө тең Кара-Балтадагы №1-мектепте окушат. Уул-кыздарым өз жашоосу, турмушу менен бактылуу. Неберелерим биз менен. Алия экономист, Камиля дарыгер, Ринат мушкер болом деп кыялданышат. Ким болсо да өмүрү узун болушсунчу. Өмүр, ден соолук керек тура. Саниям өлөргө жакын бир башкача сулуу болуп кеткен. Жеңиштин, кубанычтын таасири го деп ойлогом. Ал Бишкекте батирде турчу. Ысык-Көлгө кеткенин уккан эмесмин. Ошол эле күнү телефондон сүйлөшкөнбүз. Айткан эмес. Кийин чалсам албайт, телефону өчкөн. Таң калам. Жүрөгүм жамандыктын бир шооласын да сезбеген.

Капырай, түшүм да аян бербеген. Көрсө, бүткүл жан дүйнөм жакшылыктын ак нуруна ширелип калган шекилдүү. Ошол торчолор кара нурду качырган го.

Зыйнатына көп киши келди. Ошондо кызымдын элге таанылып калганын сездим. Күйөө бала келип көпкө ыйлады. Түштүк тараптан эле. Ал айтпаса да арманын жүрөгүм сезип турду. Биз бири-бирибизди үнсүз-сөзсүз түшүндүк. Жашоого кандай келсе дал ошондой таптаза, сулуу боюнча кете берди. Аттиң арман! Үмүттөр үзүлүп калды. Артында калган 2 кыз, 1 уулун апасы каалагандай өстүрөм, кудай буюрса. Кызым бейиштин гүлүн араласа болду», - деди ал.

Кайра-кайра көзүнөн жаш алып, тамагы буулат. Сөздөрү үзүлүп, бирде үй ичинде илинип турган сүрөттөрүнө тигилсе, бирде неберелерин жалооруй карайт.

Н.Мамбеталиева: «Жараткан кызымдан талантты аябаптыр. Ой жүгүртүүсү, фантазиясы күчтүү болчу. Жаштайынан эле курбуларынын чачын өрүп, бир башкача жасалгалачы. Ошондо таң калып койчу элем. 7-классында Кара-Балта шаарындагы сулуулар сынагына катышып, байгелүү орунду алган. Ошол чыгармачылыгынын алгачкы тепкичи, стимулу болду.

Турмуш шартка байланыштуу 9-классты бүтүргөн соң Москвага кетти. 10 жыл ал жакта сулуулук салонунда иштеп жүрүп, Авраам Руссо, Маша Малиновская жана Ольга Бузова өңдүү жылдыздар менен кызматташты. Ал жакта турмушка чыкты. Күйөөсү Москвадагы ИИМ академиясында окучу эле. Кийин ажырашып кетишпедиби. Бири-бирин түшүнө албай коюшту шекилдүү. Ксения Бородинанын салонунда дагы такшалды. Өзү сүйгөн сулуулук салонун Кара-Балтада, Бишкекте ачты.

Ассоль Молдокматованын жардамы, көрсөтмөсү, сунуштамасы менен дүйнөлүк сынакка катышты. Ал сырдашы, жакын адамы болгон. Эми айтар сөз көп. Эл баарынан кабардар болду го. Кайталаганда эмне. Үйү, унаасы, жакшынакай жашоосу бар эле. Ким билет, шайтан азгырдыбы? Түшүмдө да эч нерсе айтпайт ал жөнүндө. Анын жашоосу ыр болуп агылып, сыр болуп жабылды да калды. Эч нерсеге түшүнбөй келем. Өлгөнүнө кээде ишенбей да кетем», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×