Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 10.10.2018 09:25 На русском

Токмокто сууга чөгүп каза болгон өспүрүм мушкердин элесине арналган мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 14 жашында каза болгон мушкер Имомали Тургунбаевдин элесине арналып өспүрүмдөр арасында бокс боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Токмок шаарынын спорт мектебинин бокс боюнча машыктыруучусу Алтынбек Кошоев билдирди.

Анын айтымында, маркум өспүрүм мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишкен.

«Маркум окуучум Имомали 2005-жылы мага бокс менен машыгуу үчүн келген. Чынында анын келечегинен көптү үмүт кылгам, тубаса таланты бар болчу. Өтө күчтүү мушкер болмок. 2006-жылы Ашымбек Сыдыгалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште 1-орунду багындырган. Мындан сырткары көптөгөн райондук, облустук мелдештерде ийгиликтерге жетишкен эле. 2007-жылы Ысык-Көлгө эс алууга барып, сууга чөгүп каза болду», - деди ал.

Аталган мелдешке Чүй облусунан 125 мушкер катышты. Эми бул мелдеш жыл сайын уюштурулуп турмай болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×