Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуСокулук району 09.10.2018 13:58

Сокулукта мүмкүнчүлүгү чектелген 27 адам кесиптик билимге ээ болушту (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунда кесиптик лицейде билим алган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 27 адам сертификатка ээ болушту. Алардын ичинен 15 адам жыгач устачылык, 12 адам тырмак жасалгалоо боюнча окушкан, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сокулук райондук администрациясынын агрардык саясат жана социалдык өнүктүрүү секторунун башчысы Тамара Темирбекованын айтымында, аталган жарандар №5 жана №94 кесиптик лицейде окуп, билим алуусуна «Өнөрдү өнүктүрүү» фонду жардам берди.

«Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан "Жаш майыптар" коомуна дайыма колдоо көрсөтүлүп келет. Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген 27 жаран кесиптик лицейлерден сертификат алышты. Сокулукта майыптардын коому жайгашкан имаратта устакана жана тигүү цехтери иштеп келет» - деди ал.

«Жаш майыптар» коому 2005-жылы 6-сентябрда түзүлгөн. Учурда коомдо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштан 55 жашка чейинки 362 жаран бар болсо, анын ичинен 113 мүчөсү жаш балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×