Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 09.10.2018 12:04 На русском

Аламүдүндө 13 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы жөө жүргүнчүнү унаа менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя 7-октябрда саат 17:40 чамасында ГЭС-2 кичи районунун аймагында болгон.

Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн РИИБдин кызматкери, милициянын капитаны К.Кадыралиев дароо кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуну издөө иштерин баштаган. Жыйынтыгында жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу — 1997-жылы туулган У.С. жана «БМВ 520» үлгүсүндөгү унаа табылган. Айдоочу Аламүдүн районунун тургуну экени такталды.

Топтолгон материалдар, ошондой эле айдоочу РИИБге жеткирилип, унаа айып аянтчасына киргизилди. Ал эми жөө жүргүнчү жеңил жаракат алып, ага ооруканадан жардам көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×