Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуСокулук району 14.10.2018 22:15 На русском

Айыл турмушу: Жолдошунун жанында иштегиси келген кассир Г.Сатылганова кесибин ашпозчулукка алмаштырган (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шалта айылынын 55 жаштагы тургуну Гүлдана Сатылганова мектепте ашпозчу болуп эмгектенип келет. Ал Көчмөндөр оюндарында ийик ийрип, театрлаштырылган оюнга катышып келди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм мектепти 1980-жылдары аяктап, соода жана ашкана училищасынан кассир кесибин алып чыккам. Алгачкы эмгек жолумду соода борборунан баштагам. Андан кийин да бир топ жерде көзөмөлдөөчү кассир болуп иштедим. Андан соӊ турмуш агымы менен кесибим өзгөрүп, ашпозчу болдум.

Менин жолдошум мектепте директор болуп иштейт. Мектепте ашпозчу жок болгондуктан, атайын ашпозчулук боюнча билим алдым. Бардык тамак-ашты жасаганды билем. Он чакты салатты мыкты жасайм. Өзүм дагы салаттардын түрлөрүн ойлоп табам», - деди ал.

Гүлдана Сатылганова коомдук иштерге да активдүү катышып келет.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 15 аял менен ийик ийрип, улуттук кийимдер менен "Түлөө" деген театрлаштырылган оюнга катыштым. Ошентип облус боюнча 3-орунду алып келдик. Мындан сырткары апалар менен бирге филармонияга чейин концерт коюп келгенбиз. Бир топ ардак баракчалар менен сыйландым», - деди ал.

Гүлдана Сатылганова 1963-жылы Сокулук районунун Белек айылында төрөлгөн.

«19 жашымда Шалта айылына келин болуп келгем. Жолдошум экөөбүз 5 кыз, 2 уулду тарбиялап өстүрдүк», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×