Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуМосква району 08.10.2018 10:38

Москва районунда акимдин кубогу үчүн футбол боюнча турнир өттү (сүрөт)

Turmush -  6-октябрда футбол боюнча Москва районунун акиминин кубогу үчүн айыл өкмөттөрдүн арасында турнир болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Президентибиздин “2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндөгү” жарлыгына ылайык райондо спортту өнүктүрүү максатында футбол боюнча айыл өкмөттөрдүн арасында турнир өткөрүп жатабыз. Бул иш-чарага раймамадминистрация 100 миң сом байге койду», - деди аким Азамат Эсенбеков турнирдин ачылышында.

Райондогу 10 айыл өкмөттүн арасында болуп өткөн турнирде 1-орунду Беловодск, 2-орунду Петровка айыл өкмөттөрүнүн спортчулары ээледи. Ал эми 3-орун Төлөк айыл өкмөтү менен Беш-Күлүк айылынын жаштарына берилди. Турнирдин соңунда аким Беловдск айыл өкмөтүнө кубок тапшырды. Ошондой эле алдыңкы орунду ээлеген командалар медаль, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Турнирде М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинин чыгармачылык жамааты ыр-күүлөрдү жаңыртты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×