Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуКемин району 06.10.2018 12:28

«Одноклассникиде» отурган чоң апа жана бактылуу карыялар... Сүрөттөр сүйлөсүн

Turmush -  Кемин району боюнча бардык жергиликтүү бийлик органдарында жана тиешелүү мекеме-уюмдарда 2018-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлык иш-чаралар планы түзүлүп, аткарууга алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 1-октябрь улгайган курактагы адамдардын эл аралык күнүнө карата Кемин районундагы бардык айыл өкмөттөрүндө жана Кемин, Орловка шаарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Кары адамдарга майрамдык концерттер уюштурулуп, азык-түлүк баштыкчалары таратылып, сый тамактар берилди.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дүйшебаев райондогу согуштун, оруктун ардагерлерине барып, ал-жайын сурап майрамдык белектерин берип, аларга жакшы тилектерин жана каалоолорун билдирди.

«Мекеме-уюмдар өз ардагерлерине көӊүл буруп, майрамдык кечелерди уюштурууда. Ошондой эле жаш жеткинчектер жалгыз бой жашаган кары адамдарга барып жардам берип, алардын батасын алышууда» - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, аталган түзүм иш-чара учурунда кары адамдарды сүрөткө тартып, Turmush басылмасы менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×