Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЧүй району 06.10.2018 10:15

Чүй районунда Криминалдык милиция кызматынын 100 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда 2018-жылдын 5-октябрында Криминалдык милиция кызматынын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Чүй районунун ички иштер бөлүмүндө өткөрүлүп, ага Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын жана башка сыйлуу коноктордун катышуусу менен белгиленди. Милициянын мыкты кызматкерлери ардак баракчалар менен бирге төш белгилери менен сыйланышты. Ошондой эле, аларга Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акчалай сыйлык тапшырылды.

Аталган иш-чарага Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлери да чакырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×