Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.10.2018 16:07

Айыл турмушу: Ош—Бишкек жолундагы жалындаган унаага чыгып, өрттү өчүргөн куткаруучу А.Муканов (сүрөт)

Turmush -  ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, капитан Асхат Муканов куткаруу кызматына Германиядан келген мугалимдин презентациясынан кийин кызыгып калган. Ал былтыркы жылы жалындап күйгөн күйүүчү май ташыган унаадагы өрттү өчүрүп, Бишкек—Ош жолундагы унааларга жолду ачып бергенин эч унутпайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«2017-жылы 16-сентябрда оор жүк ташуучу, тактап айтканда күйүүчү май тартып бара жаткан "MAN" үлгүсүндөгү унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, офицер, капитан Эргешбай уулу Улукбек жана өздүк курам менен кырсык катталган жерге бардык. Абдан кооптуу жана катуу күйгөндүктөн унаага жакын барып, өрттү өчүрүү кыйынга турду. Анын айынан эки жактан өтө турчу унаалар токтоп, жол тыгыны пайда боло түштү. Жол жүргүнчүлөр эртерээк өчүрүп, жолду ачып бергиле деп суранышты. Албетте, элди деле түшүнсө болот. Бири учактан кечигип жатса, экинчиси ооруканага бара жаткандар экен. Акыры өздүк курамдын күчү менен күйүп жаткан унаанын үстүнө өзүм чыгып, жалындаган отту бастык. Башкача айтканда, милдетибизди так аткарып, өрттү өчүрүп, жолду бошотуп бердик. Кырсык болгон жерге Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев келген болчу. Кийин кызматыбызды баалап, ардак грамотасы менен сыйлады», - деди ал.

Асхат Муканов: «Студенттик кезде ӨКМ экология тармагы менен бир болуп турган. Ошондо келишим менен келген германиялык мугалим куткаруу кызматы тууралуу презентация жасаган. Анда ал чет өлкөнүн куткаруу ишинин технологиясы, жабдыктары тууралуу айтып берген. Кыскасы, менин куткаруу кызматына болгон кызыгуум ушул презентациядан башталган.

Биздин иш өтө кооптуу жана жоопкерчиликтүү болгондуктан ар бир кыймылыбыз эреже менен коштолот. Өрт өчүрүп жатканда айрым жарандар тарабынан түшүнбөстүктөр болуп, биздин ишибизге кийлигишип, "андай кылгыла, мындай кылгыла" деп башкарып жибергендери кыжырды келтирет. Бирок биз ага маани бербестен, өз ишибизди эреже менен аткара беребиз. Көбүнчө карапайым эл өрт болуп жаткан жерге келип, колунан келген жардамдарын беришет. Мындай учурда эч ким карап тура албаса керек.

Жумуштан чарчап келгенде, алгач уктап эс алам. Андан соң балдарым менен сейилдеп эс алганды жакшы көрөм. Бош убактым көбүрөөк болуп калганда үй-бүлөмө кырсыктардан сактануунун эрежелерин айтып, түшүндүрүп берип турам», - деди ал.

Куткаруучу Бишкек шаарында 1986-жылы 19-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

«Келинчегим экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап келебиз. Уулум 5 жашта болсо, кызым 3 жашта. Учурда балдарым Кара-Балта шаарындагы бала бакчалардын бирине барышат. Жубайым Анара Тумакова билим берүү тармагында, Кара-Балта шаарынын №8 орто мектебинде окуучуларга билим берип эмгектенип келет.

Өзүм жогорку билимдүүмүн. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экология факультетинен айлана-чөйрөнү коргоо адистигин алып, 2015-жылы Россия Федерациясынын өрт коопсуздук академиясын аяктагам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×