Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.10.2018 09:49 Жаңыланды: 13.10.2018 13:00 На русском

Тагдыр: 15 жашында мигрант болуп кеткен Мээрим оор дартка чалдыгып, дарыгерлер 1 айдай убакыт беришти

Turmush -  Атасынан эрте ажырап, апасы, бир туугандары менен үйүнөн куулуп чыккан Мээримгүлдүн учурда абалы оор. Анын тагдыры тууралуу кабарчыга туугандары айтып беришти.

Мээрим

25 жаштагы Мээримгүл Анарбек кызы боор оорусуна чалдыгып, учурда Кара-Балтадагы үйүндө жатат. Ага апасы, сиңдиси жана иниси каралашууда. Таежеси Бактыгүл Таштанбекованын айтымында, дарыгерлер: «Тезинен дарылаткыла, 1 айдай убактыңар калды» деп айтышкан.

«Мээрим 15 жашында көр оокаттын айынан Россиянын Самара шаарына кеткен. Алгач 5 миң рубль айлыкка бала багуучу болуп иштеди. Кийинчерээк пол жууду, ар кандай жумуштарды жасап жүрдү. 18 жашка толгондо Кыргызстанга келип паспорт алып, кайра Россияга кетти. Биз ошондо эми турмушка чык десек “мен күйөөгө тийип кетсем апамдын абалы эмне болот? Жакындарымды үйлүү-жайлуу кылайын” деп үй-бүлөсү менен бирге Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан үй алышты эле.

Мээрим ооруганга чейин

Мээрим (3)

Эки жыл мурда Кыргызстанга келип, ошол үйүн оңдоп-түзөп, кайрадан Россияга кетем дегенде ден соолугунан кыйналып калды. “Бөйрөгүм ооруп жатат” деп оорусуна маани бербестен түрдүү дарыларды өз алдынча ичип жүрө бериптир», - деди Б.Таштанбекова.

Жакындарынын айтымында, Мээримгүл ошол бойдон ден соолугуна маани бербей, иштеп жүрө берген. Арадан 1 жылдай убакыт өтүп, оору күчөй баштаганда гана ооруканага кайрылышкан.

«Чыдатпай ооруй бергенде 2017-жылы бейтапканага анализ тапшырышкан. Жыйынтыгы боорунда курту бар деп чыгыптыр. “Боору чоңоюп кетиптир, аябай кеч кайрылгансыңар” деген дарыгерлер операция жасашып, боорунун көпчүлүк бөлүгүн алып салышкан. Бирок операциядан кийин абалы начарлап, чачтары түшүп калды. Кайра ооруканага кайрылсак “биз кабыл ала албайбыз” деп дарыгерлер карабай жатат. Азыр өпкөсүнө улам суу толуп, бир жумада беш литрден суу алдырып жатабыз. Дарыгерлер “тездеткиле, убактыңар аз, бир ай дагы убакыт калбады” деп жатышат», - дейт М.Таштанбекова.

Мээрим

Мындан улам Мээримгүлдүн жакындары элден жардам сурап кайрылууга мажбур болушкан. Учурда каражат топтоо аракеттери көрүлүп жатат.

«Индиядан боорун алмаштырса болот дешти, бирок ага 35 миң доллар (болжолдуу 2,4 млн сом) акча керек болот экен. Азыр бизге кайрымдуу адамдар жардам берип жатышат. Эгерде акча тезирээк чогулуп калса, тезинен операция жасалмак деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Сиңдим байкуш, оорусуна чыдабай калганда “эже, минтип ооругандан көрө өлүп эле калайынчы” деп ыйлайт. Бир капталынан жата берип, ошол тарабы оюлуп кетти», - деди таежеси.

Мээрим (2)

Таежеси Мээримгүл 7 жашка чыкканда атасы каза болуп, үй-бүлөсү кыйын жашоого туш болгонун кошумчалады.

«Атасы каза болгондон кийин Мээримгүлдүн атасынын туугандары үйүн талашты. Ошол маалда Мээримгүл 7 жашта, сиңдиси 4, кенже иниси 1 жашта эле. Айласы кеткен апасы “Чоң-Алайдан алыска кетейин” деп, Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынан ижарага алган үйдө үч баласы менен жашап калышкан болчу. Мээримгүл 21 жашка чыкканда — 2014-жылы Кара-Балтадан үй сатып алып, апасын көчүрүп келди. Эми минтип өзү ден соолугунан ажырап, элдин жардамына муктаж болуп турат», - деди таежеси.

Ал эми Мээримгүл бул оорудан айыгып, өзүнө окшоп ооруган адамдарга жардам берүүнү кыялданат.

«Менин ден соолугума кайдыгер карабаган кыргыз элиме рахмат. Чет өлкөдө мигрант болуп жүргөн бир туугандарым, иш деп жүрө бербей ден соолукту карап жүрүңүздөр. Ооруп калганда тапкан акчаң эч нерсе кылып бербейт экен. Ден соолукту караңыздар», - деди Мээримгүл Анарбек кызы.

Жардам берүүнү каалагандар 0779 04 06 91, 0772 27 84 37 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×