Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 07.10.2018 19:29 На русском

Бакытка бөлөгөн сүйүү, дайынсыз жоголгон күйөө: 103 жаштагы Саткынбүбү апанын 1 кылымдагы жашоо сүртүмдөрү (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районунун Саз айылынын жашоочусу Саткын Байсеркеева 1915-жылы Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Ал кылым карыткан адамдардын катарын толуктап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм 4-классты эле бүткөм. Кийин кетмен-төбөлүк жигитке турмушка чыктым. Ал кезде жаш болчумун. Жолдошум да өзүм курактуу, келишкен мырза эле. Аны менен кандай оор күндөр болсо да өзүмдү бактылуу сезчүмүн. Кийин атыӊ өчкүр согуш башталды. Жолдошум согушка кетти. Ал жакта катардагы жоокер катары душман менен кармашпай, чалгынчы болуптур деп уктум. Өзү болсо мага ат тезегин кургатпай сүйүү, сагыныч каттарын ыр менен жазып жөнөтчү. Мен да ыр менен жооп берчүмүн. Согуштан аман келет деп аябай үмүт кылдым. Балдарын томсортуп жетим калтырбай келет деп толугу менен ишенгем. Бирок чалгынчынын кызматы оор деп укчумун. Айылдагылар ал душмандын очогуна чейин барат деп кеп кылышчу. Ага деле маани берген эмесмин. Ошентип жолдошумдан кат келбей калды. Каттын келбей калганы бир топко созулду. Бирок менин үмүтүм үзүлгөн жок. Жылдар өтүп, согуш басылды. Биз жеӊип, аябай сүйүндүк. Согуштан аман калгандар бири-серин үйгө бакыт тартуулап, жарк этип чыккан күндөй жаркылдап келип жатышты. А, меники жок. Сураштырдык, издедик, бирок дайыны жок. Ошону менен согуштан дайынсыз жоголду. Кыйын мезгилде артында калган уулдары да чарчап калды. Мен болсо турмуштун ачуу соккусунда, кайгырган бойдон кала бердим», - деди апа.

Ал кийин экинчи жолу турмушка чыгып, 4 уул, 3 кыздуу болгон.

«Ошентип ортодон бир аз убакыт өтүп, мен сокулуктук жигитке турмушка чыктым. Ал киши менден бир топ жаш улуу болчу. Экинчи жолдошум менен 4 уул, 3 кыздуу болдук. Алардан 21 небере, 33 чөбөрө, 1 кыбыраны көрүп отурам.

Башымдан көп кыйынчылык өттү. Согуш маалында бир күндүн ичинде 50 сотых жерден буудайды оруп жыйначубуз. Эгер норманы аткарбасак, мындан да катаал жумуштарга айдачу. Мен ошону үчүн бир күндө бүткөнгө аракет кылчумун. Чүй каналынын оор жумуштарына да катышып калдым. Чынында, азыр эстесем жан кыйналган оор мезгил болгон экен. Үйдө кой жана эчки саап, эжигей жасап, согушка жөнөтчүбүз», - деди Саткын апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×