Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 05.10.2018 09:07

Жайыл райондук сотунун судьясы Жылдыз Арзыбекова кызматынан бошотулду

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Жылдыз Арзыбекованын ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана КРнын конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Арзыбекова Жылдыз Ийгиликовна жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×