Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 04.10.2018 16:14 Жаңыланды: 04.10.2018 17:45

Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголду

Turmush -  Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттөгү жоопкерчиликтүү кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 4-октябрда билдирди.

Учурда турак жай курууга жер тилкесин кезекти сактабай берүү фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2-берене (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамын бузуу) менен козголгон кылмыш иш тиешелүү органдар тарабынан тергелип жатат.

Башкы прокуратуранын расмий билдирүүсүндө: «Айыл өкмөт башчысы М.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер маселеси боюнча башкы адис Н.М. менен жооптуу катчы Л.Л.ге Э.А. аттуу жергиликтүү тургундун арызын кароону тапшырган.

Ал эми жер комиссиясы жер тилке алуу боюнча кезекте турган адамдардын тизмесине карабастан, айыл өкмөт башчы сунуштаган жашоочуга жер тилке берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу чечим кабыл алган. Андан кийин айыл өкмөт башчы кезекте турган адамдардын укугу бузулганы тууралуу билип туруп, Э.А. жазган арыздын негизинде Сары-Жон айылынан 528 чарчы метр жер берүү чечимин чыгарган», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×