Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 04.10.2018 09:53 На русском

Жайылдык кишини аялы, өгөй уулу, туугандары өлтүрө сабап, көмүп салышкан. Сот өкүм чыгарды

Turmush -  Жайыл райондук соту 50 жаштагы жергиликтүү тургунду мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 6 адамдын төртөөсүн 13 жана 14 жылга эркинен ажыратты.

Жайыл районунун прокурору Мамбетаалы Турдумаматов билдиргендей, 2017-жылдын 21-ноябрында Жайыл районунун Ново-Николаевка айылында 6 адам жергиликтүү тургунду өлтүрө сабашкан. Анын өлүп калганын билишкенден кийин денесин талаага алып барып, көмүшкөн. Бул кылмыштын бети 10 күндөн кийин ачылган.

«Жергиликтүү тургунду аялы, аялынын эжеси, өгөй уулу жана өгөй уулунун достору жана аялынын алыскы туугандары өлтүрүшкөн. Буга өгөй ата менен уулунун ортосундагы уруш себеп болгон. Аялы уулуна болушуп, жыйынтыгында жолдошунан өч алууну чечишкен. Анын колун байлашып, муунтуп, катуу тепкилешкен. Эч кандай курал колдонбостон өлгөнгө чейин сабашкан. Күйөөсү жана аялы Жайыл районуна Ош облусунан 7-8 жыл мурун келишкен. Расмий түрдө никеде турушкан.

Бүгүнкү күндө бул кылмышка шектүү делген алты адамдын төртөөнө «Мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Өлүмгө алып келе турган оор жаракат келтирүү» беренелери боюнча айып тагылган. Алар 13 жана 14 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн өтөшөт. Ал эми экөө соттун чечимин күтүп жатышат», - деди прокурор.

М.Турдумаматовдун айтымында, эркек кишини кечинде сарайда өлтүрүшкөн. Кийинки күнү аялы РИИБге арыз жазып, жолдошунун жоголгонун билдирген. Кылмыштын бети телефондук сүйлөшүүлөрдү жана чалууларды текшерүүнүн жыйынтыгы менен ачылган.

Ал белгилегендей, өткөн жылы Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын аймагында 19 оор кылмыш катталган. Анын 10 фактысы адам өлтүрүү болсо, зордуктоо боюнча 4, каракчалык боюнча 5 факты катталган.

«Оор кылмыштарга шектүү делип кармалгандардын көпчүлүгү эч жерде иштешпейт, үй-бүлөлөрү жок, мас абалда экендиги аныкталган. Кээ бир кылмыштарга аялдар жана өспүрүмдөр дагы катышкан. Бардык оор кылмыштардын бети ачылды, кылмыш иштер сотко жиберилди. Көпчүлүгү боюнча сот өкүм чыгарды», - деди М.Турдумаматов.

Окуя тууралуу

2017-жылдын 23-ноябрында Жайыл РИИБге Ново-Николаевка айылынын 1975-жылы туулган тургуну З.А. арыз менен кайрылган. Анда ал анын 1967-жылы туулган жолдошу У.Ж. эки күн мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Ал милиция кызматкерлеринен жолдошун таап берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле ал жолдошун ошол күнү Баха аттуу жигит унаасына салып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүмү боюнча («Адам уурдоо») кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө башка фактылар аныкталган.

У.Ж. жана З.А. бир нече жылдан бери бирге жашап келишкен. Аялдын бул үчүнчү никеси болчу. Мурунку күйөөлөрүнөн бир кызы жана уулу болгон. Ал эми У.Ж. менен эки балалуу болушкан. Аял кызын Ош облусунда жашаган атасына калтырып, уулун өзү менен алып кеткен.

Жубайлар Ново-Николаевка айылындагы кашарда жашашчу. Жолдошу малчы, өзү саанчы болуп иштечү. Үй-бүлө башчы спирт ичимдигин ичкен убакта жаңжал чыгарчу. Окуя болгон күнү малчы өгөй уулу менен уруша кетип, аны үйдөн кууп жиберген. Уулу менен апасы дагы кетип калган. Жолдошунун жоголгондугу тууралуу арызда аял кашарга унаа келип, аны салып кетип жатканын көргөнүн, ошол бойдон дайыны жок экенин билдирген.

Бул кылмыш иши боюнча милиция кызматкерлери ферманын ээсинин бир тууганын суракка алышкан. Бирок ал аталган ишке тиешеси жок экенин билдирип, күнөөнү мойнуна алган эмес.

Оперативдүү кызматкерлер дайынсыз жоголгон кишинин жакындарынын телефон чалууларын текшеришкен. Шектүүлөрдү табууга аялдын Ош шаарындагы кызына телефон чалуусу жардам берген. Кызы ага апасы чалып, чогуу жашаган адамын өлтүрүп, көмүп салышканын айтканын билдирген. Бул маалыматтан кийин милициянын кызматкерлери жоголгон кишинин аялын жана бир туугандарын кармашкан. Милиционерлер алар жашаган аймактагы аңдарды текшерип чыгышкан, бирок бир дагы жерден өлүк табылган эмес. Мындан улам Оштон шектүү аялдын кызын чакырышкан. Ошондон кийин аял күнөөсүн мойнуна алып, окуя кандай болгонун айтып берген.

Анын көрсөтмөсү боюнча, 21-ноябрда күйөөсү тааныштары менен спирт ичимдигин ичип келип, 19 жаштагы өгөй уулу менен урушуп, аялын сабап салган. Буга чейин өгөй уулу менен атасынын ортосунда дайыма уруш болуп келген. Ошондо ал аялын жана өгөй уулун дагы үйүнөн кууп чыгарган. Аялы үйүнөн кетип, Сокулукта жашаган эжесине телефон чалган. Эжеси уулу менен кашарга барып каларын билдирген. Алар келгичекти аял кашарда болгон. Ошол учурда үйгө унаа келип, кайра кеткенин көргөн.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Сокулуктагы эжеси уулу менен келген. Алар чогулуп үйгө барып, мас абалдагы күйөөсүнүн колу-бутун байлашып, сабашкан. Анын дем албай калганын билген соң жуурканга ороп, айылдын четине алып барып көмүп салышкан. Он күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери өлүктү табышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×