Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 04.10.2018 09:32

«Апамдын асыл ойлору жашоомдогу компасым»: 41 жаштагы У.Алымкуловдун турмуштагы урааны

Turmush -  Мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келип, жаштайынан ыйман, адептүүлүктү, билимдин жашоодогу күчүн, кубаттуулугун жана зарылчылыгын жүрөгүнө түнөткөн 41 жаштагы Уранбек Алымкулов Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну.

Анын балалык курагы, окуучулук жылдары Суусамыр өрөөнүндө өттү. Элеттик турмушка, эмгекке, жөнөкөйлүүлүккө жан дүйнөсүн бөлөгөн. Ал аба ырайы катаал, жаратылышы татаал жерде жашоо образынын эң алгачкы пайдубалын түптөдү. 5 жашында атасынан ажырап, агалары Алтынбек, Айбектин, эжеси Розанын жакын жардамчысы болду. Нөшөрлөгөн жамгыр, калың карда да апасы Гүлбараны ээрчий басып, үй тиричилигин үйрөндү. Уранбек Алымкулов менен аймактык кабарчы таанышкан.

«Үй-бүлөбүздө эң кичүүсү элем. Ошондон уламбы кайда жүрсөм да апам жанымда эле. Атабыздан эрте ажыраганыбыз менен апам баарыбызды жогорку билимдүү кылды. Мектепти айылдан бүтүрүп, шаарга көчүп кеттик. Жашообуздун жаңы барагы ачылды. Апам мектепте мугалим, мен ЖОЖдо студент. Мурдагыга караганда мугалимдин түйшүгү мага даанараак көрүнө баштады. Үй тиричилигин жөндөгөн апам баарын даярдап коюп, түндүн бир оокумуна чейин сабагына даярданчу. “Апамдын ак эмгегин кантип актайм? Кийим алып берсемби, же акча сунуштасамбы? Жок... Материалдык жардам моралдык бөксөлүктү толтура албайт” деген ой-максат көлөкөдөй ээрчип жүрдү. Көңүл чордонунда түнөдү. Жылдар агылып жатты. Мамлекеттик экзамендеримди ийгиликтүү тапшырдым. Көптөн күткөн дипломду алдым да апамды көздөй жөнөдүм. Ошол кубанычым, үйгө карай ташталган чоң-чоң кадамдарым али да көз алдымда. Эшикти шарт ачып кирип бардым да, дипломду апама көрсөтө кучактап ыйлап жибердим. Ал сүйүнүчтүн, болгондо да көптөн күткөн жакшылыктын ыйы эле. “Бар бол, уулум! Азаматсың Ураным! Сен менин Уулум деген уранымсың, өмүрдүн чексиз жолун уларымсың!” деп, бетимден өөп, көзүнөн жаш алган. Билбейм, башкаларга кандай? А биз үчүн ошол учур, убакыт жашоодогу эң бийиктиктей сезилген», - деди ал.

Уранбек бухгалтер-экономист адистиги боюнча эмгек жолун жеке фирмадан баштады. Жумуш ыргагы боюнча Кара-Балтага көчүп келип, жеке ишкерликти колго алган. Ал баарына чыдады, кыйынчылыктарды жеңди.

У.Алымкулов: «Коомдо көйгөйлүү маселелер көп. Мүмкүн турмуш агымы дал ушундай мыйзам ченемдүү көрүнүштөн куралат окшойт. Мен дайыма адамдарга жардам берүүнү, жылуу сөз менен мамиле түзүүнү туу тутуп келем. Мына, президентибиз 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялабадыбы. Бул мага окшогон жаштарга ташталган жооптуу милдет катары түшүнөм. Шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртууда өз салымымды кошуп турууну каалайм. Бир мезгилде апам айткан асыл сөздөрүн азыр да жүрөгүмдө кайталап, ак иштөөгө, таза жашоого багыт алам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×