Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуМосква району 03.10.2018 15:36 На русском

Беловодск айылындагы тургун короосуна марихуана өстүрүп жүргөн (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда мыйзамсыз баңгизат даярдоо жана сактоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Москва РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү тургундардын бири мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жыйынтыгында Белеводск айылында 45 жаштагы М.В. кармалып, анын жанынан кагазга оролгон марихуанага окшош зат табылган.

РИИБдин тергөө кызматынын экспертизасынын тыянагынын негизинде Кылмыш-жаза кодексиндеги 246-берене (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иш козголгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чарасында шектүү үйүндө курамында баңгизат бар өсүмдүк өстүрүп жүргөнү аныкталган. Анын жашаган жери тинтүүгө алынып, короодогу тилкеде жалпы салмагы 5 кг 55 түп марихуана табылып алынды. Ошондой эле сарайынан спецификалык зыты бар 540 гр кургатылган жашыл өсүмдүк табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×