Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 03.10.2018 10:55

Карылар күнү: Сокулукта 103 жаштагы Саткын апа менен 100 жаштагы Минзямал апага акчалай сыйлык берилди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында 1-октябрь — Карылар күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чара концерттик программа менен коштолуп, карылар майрамдык дасторкон үстүндө сый көрүштү. Сокулук районунда 103 жашка толгон Саткын Байсеркеева менен 100 жашка толгон Минзямал Зиятдиновага акчалай сыйлыктар жана белектер берилди.

Ар бир айыл өкмөт тарабынан айылдагы карылар куттукталып, акчалай сыйлык жана азык-түлүк тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×