Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 03.10.2018 10:23

Сокулуктагы дзюдо боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыналгы берилди (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районунун Сокулук айылындагы спорт комплексте СССРдин спорт чеберлери М.Кыскараев менен М.Жаманкуловдун жаркын элесине арналган дзюдо боюнча республикалык турнир өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Турнирге 7 жаштан баштап 12 жашка чейинки өспүрүмдөр катышты. Мелдеште өлкөнүн жети облусунан жана Казакстандын Алмата шаары менен Тараз облусунан келген 380 спортчу күч сынашты.

Турнирдин уюштуруучуларынын бири Кайрат Тургумбаевдин айтымында, жалпы тайпалык эсепте Сокулук району 1-орунду жеңип алды.

«Ал эми 2-орунду "Жакып бий" спорт клубу алса, 3-орунду Чүй району ээледи. Алдыңкы орундарды алган спортчуларга медаль, диплом берилди. Ошондой эле жалпы тайпалык эсеп боюнча алдыга чыккан 3 тайпага бирден сыналгы берилди. Бул мелдештин башкы максаты — аталган СССРдин спорт чеберлеринин атын өчүрбөй, дзюдо аркылуу жаштардын ынтымагын бекемдеп, аларды мекенчилдикке тарбиялоо, балбандардын чеберчилигин жогорулатуу менен жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга үндөө», - деди ал.

Аталган мелдеш 7 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×