Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуКемин району 03.10.2018 10:17 На русском

«Аянычтуу карап жан берет»: Куткаруучу А.Караев жол кырсыкка кабылгандардын дене мүчөлөрүн чогултканын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Кемин районунун №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу Аалы Караев 13 жылдан бери ушул кызматта эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Аалы Караев 1984-жылы 6-январда Токмок шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

- Аалы мырза, куткаруу кызматына жөндөн-жөн келбесеӊиз керек.

- Бала кезимде коомчулукка жардам берген маанилүү кызматты аркалагым келчү. Биздин айылдагы бир байкенин өрт өчүрүүчү бөлүктө иштегенин көрүп, мага окшогон тестиер балдар ошол байкедей болобуз деп чурулдап калат элек. Анын кийген формасы, коркунучтарга карабай адамдарга жардамга шашып баратканын көргөндө, азыркылар «Супермен» деген тасмадагы каарманга кызыккандай биз да аябай кызыкчубуз. Ошентип балалык кыялдар кийин да өчпөй, ушул көксөгөн кызматка 2005-жылы киришип, иштеп калдым.

- Бул кесип чынында оор экени айтпаса да белгилүү. Кызмат учурунда адам өмүрүн акыркы мүнөттөрдө сактап калган кызыктуу окуяңыздан бирди айтып бересизби?

- Ооба биздин кесип аябай татаал жана кызыктуу. Өз жаныӊды аябай жалындаган өрткө, түтүндүн ичине кирип, адам өмүрүн сактап жана анын үй-мүлкүн сактап калууга аракет кылабыз. Мындан сырткары азыр ар кандай жол кырсыктарынан биздин тейлөө зонабыз Бишкек—Нарын—Торугарт унаажолунда, боом капчыгайында болгондуктан, көбүнчө жол кырсыктарына кабылган жарандарга жардамга баруудабыз.

Өткөн жылы эки автоунаа катуу кагышып, анын кесепетинен бир унаа тез эле өрттөнө баштаптыр. Анын ичинде эки киши бар экен. Көрсө, бул унаа газ менен жүрөт экен. Экинчи унаадан 4 киши сыртка чыга албай калыптыр. Биз бул кырсыкты угарыбыз менен окуя болгон жерге тез арада жетип бардык. Унаадан чыга албай калган адамдарды четинен чыгара баштадык. Чынында аябай катуу сокку болгон экен. Айрымдары ошол жерден эле жан беришиптир. Унаадан денеден жулунуп кеткен колдорду жана буттарды чогултуп алып чыктык. Бир адамдын башы денеден бөлүнүп калыптыр, аны дагы алып чыктык. Мындай катуу кырсыктарда адам өмүрүн сактап кала албайсыӊ. Бул өтө өкүнүчтүү. Кээде унаадан чыга албай калган адамды далбастап куткарууга аракет кылып жатсаң, ал унаанын ичинен сени аянычтуу карап жан берет. Бул убакта аябай жаман болосуӊ. Кыскасы сөз менен айтып да жеткире албайсыӊ.

Негизи биз бардык ыкчам аракеттерибизди көрөбүз. Ушундай жол кырсыктардын аягы абдан өкүнүчтүү болуп калат. Бирок баары эмес. Аман-эсен калгандар да бар. Буту же колу жулунуп кетсе да, өзү аман калганына сүйүнөсүӊ. «Байкуш киши тирүү экен» деген адамдык жакшы касиетиӊди ойгото турчу жылуу сезим пайда болот.

Негизи мындай кырсыктын күнөөкөрү — биз адамдар өзүбүз болобуз. Өрт коопсуздугун сактабайбыз. Үй өрттөнүп баштаганда дароо куткаруучуларга телефон чалбай, өчүрө албай калганда гана чалып чакырабыз. Анан силер кеч келдиӊер дешет. Ал эми автоунааны баарын билип туруп катуу ылдамдык менен айдайбыз.

- Ошондой зээнди кейиткен, жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу окуядан кийин үйгө барганда кыйналасызбы? Түшүңүзгө киреби?

- Эми адамбыз го. Андай учурлар башында болгон. Мисалы, адамдын дене мүчөлөрүн чогултканда абдан эле жаман болосуӊ. Бирок биздин жумушубуз болгондон кийин бара-бара көнүп каласыӊ.

- Албетте, кырсык болгондо сөзсүз кейийсиң. Бирок аягы кандайдыр бир жылмаюу тартуулаган окуялар болду беле?

- Бир үйдө орус кемпир жалгыз жашачу экен. Ашканасындагы электр плиткасы сайылуу боюнча уктап калыптыр. Өрт чыгып, катуу түтүн болуп кетиптир. Терезеден оргуштап чыккан кара түтүндү көргөн кошуналары бизге чалышыптыр. Дароо жетип барып, кароол башчым экөөбүз эшигин талкалап, кара түтүндү аралап кирип, уктап жаткан кемпирди сыртка көтөрүп чыктык. Андан соң, жерге жаткырып, бетине суу чачып, өзүнө келтирсек «Балам, мен бейиштеминби?» деп айтты (күлүп).

- Кызмат учурунда жөнөкөй жашоочулар тарабынан сиздерге эмне тоскоолдуктар болуп, кандай көрүнүштөр кыжырга тиет?

- Кырсык учурунда ары-бери өткөн элдер тегеректеп карап, анысы аз келгенсип телефонуна сүрөткө тарта баштаганы кыжырлантат. Сен өлүм менен өмүрдүн ортосунда алышып жатсаӊ, алар ар кандай сөздөрдү айтып, акыл үйрөтүшөт. Айла жок унчуга албайсыӊ. Анткени, сен андай учурда башкалар менен сүйлөшкөнгө убактыӊ болбойт.

- Адам баласы тилсиз жоодон сырткары боло турган кырсыктардын алдын алуу үчүн кандай эрежелерди сакташы керек?

- Биринчи адам өзү бардык нерсеге көӊүл бурушу керек. Экинчи өрт кырсыгы болгондо кырсык тууралуу бизге эртерээк кабарлоо керек. Үчүнчүдөн автоунааны жогорку ылдамдыкта айдабай, жол эрежесин сактоо керек. Төртүнчүдөн сактыкта кордук жок дегендей, бардык кырсыктардан сактануу керек. Бешинчиси биздин айткан кеп-кеңештерибизди угуп, эске тутуп коюшса, бирде болбосо бирде кереги тиет деп ойлойм.

- Сиздин жакындарыңыз ушул эрежелерди бекем сакташабы?

- Менин жубайым дагы өрт өчүрүү кызматында иштейт. Биз үйдөн дагы өрт кырсыктары, жол кырсыктары, деги эле жумуш жөнүндө сүйлөшөбүз. Ушундай эрежени сактаса кырсык болмок эмес деп айтып, кейиштүү окуяларды да кеп кылабыз. Ошон үчүн бул сөздөр менин үй-бүлөмдүн кулагына сиӊип калган, эрежелерди билишет.

- Чарчаганда кантип эс алып, бош убактыңызды эмнеге арнайсыз?

- Мага баарынан жумуштан аман-эсен үйгө барып, үй-бүлөмдүн жанында болгонум — эс алганым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×