Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуКемин району 02.10.2018 21:28

Кеминде кургак учук менен ооруган 51 бейтап коомдук жардамчылар менен бирге дарыланышты (сүрөт)

Turmush -  26-сентябрда Кемин райондук ден соолук комитетинин кургак учук менен жабыркагандарга берилген материалдык жардамды жыйынтыктоо семинары болуп өттү. Семинарга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиева, Кемин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун клиникалык жетекчиси Б.Чекимбаева жана ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук ден соолук комитетинин 22 мүчөсү катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган семинарда USAID «Кургак учукту бирге жеңебиз» долбоорунун адиси Темир Төлөгөнов, Чүй облустук ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы А.Айтекова лекция өтүштү. Жыйынтыгында айылдык ден соолук комитеттеринин көрсөткөн жардамдары аныкталып, жеңүүчүлөргө Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Кемин үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиеванын айтымында, пилоттук программанын негизинде 51 бейтап коомдук жардамчылар менен бирдикте дарыланып, анын ичинен 29 адам ийгиликтүү дарыланып бүтүштү.

«Кемин райондук мамлекеттик администрациясында КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы №55 буйругун аткаруу максатында 2018-жылдын 13-мартында №60 тескемеси кабыл алынып, тийиштүү мекеме-уюмдар тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кемин району Чүй облусу боюнча 2017-жылдын 19-июнундан баштап стигманы жана дискриминациялоону азайтуу максатында, бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн коомдук жардамчыларды киргизүүдө пилоттук район болгон.

Айыл аймактарда ден соолук комитеттери калк арасында кургак учукту алдын алуу максатында, 1500 нускада маалымат баракчаларын таратып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кызыл жарым ай коому тарабынан ай сайын аз камсыз бейтаптарга азык-түлүк баштыктары берилүүдө», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×