Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кант 02.10.2018 15:56 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Р.Алиева эмне үчүн окуучусуна өзүнүн жашоосу тууралуу отчет берген? (сүрөт)

Turmush -  Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Рахат Алиева эжесин көрүп, бала кезден мугалим болууну кыялданып чоӊойгон. Ары татаал, ары кызыктуу кесиптин ээси болгон Рахат айым жумуш убактысындагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Менин эжем да мугалим эле. Анын дептер текшергенин, кооз, сулуу жазганын көрүп, кесибине аябай кызыкчумун. Чынын да бала эмнеге суктанып чоӊойсо, ошону кыялдана баштайт экен. Мен да эжемдей болуп мугалим болууну кыялданчумун. Менин бул ой-тилегимди билген чоӊ атам батасын берип, "мугалим болуп, элдин керегине жара. Мыкты инсандарды окутуп, билим бер" деген эле. Ал кишинин батасын алып калганыма да абдан кубанычтамын. Андан кийин ата-энемдин да колдоосуна ээ болдум. Алар дагы "эжеӊдей мугалим бол" деп калышты. Ал кезде мугалимдик кесип өтө жоопкерчиликтүү кесип экенин билбесем керек. Ата-энелер сага ишенип, балдарын берип жаткандан соң жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылуу керектигин кийин түшүндүм.

Окуучулардын ата-энеси билбеген кыял-жоругун, кулк-мүнөзүн билип, ар бирине жеке мамиле түзүп, ар биринин келечегине кам көрүү — өтө сыймыктуу иш десем болот. Бекеринен мугалим окуучунун экинчи апасы деп айтылган эмес. Окуучулар менен иштешүү бир четинен аябай кызыктуу. Алар күн сайын ар кайсы жоруктарды, чоӊдордун көзүнө анчейин мааниге ээ болуп көрүнө бербеген турмуштагы окуяларын айтып беришет. Кээде угуп таӊ каласыӊ.

Жумуш үстүндө күлкүлүү эсте калган окуялар көп. Бир окуучу "эже, сиз үйүӊүзгө кетесизби? Биз эртеӊ менен эрте келсек деле мектепте отурасыз, кетип жатсак деле мектепте каласыз" деп сурап жатпайбы. Мен чынында мындай суроону күткөн эмесмин. Күлүп, "ооба менин да үйдө тирилигим, кайнаган жашоом бар. Менин да силерге окшогон балдарым бар" деп жооп бергем.

Эмгек жамаатыбыз менен иштешүү жеӊил. Себеби ар бир мугалим өз ишине так. Билбегенибиз болсо бири-бирибизге жардамдашып турабыз», - деди ал.

№4 мектеп-гимназиясында 4 кыргыз класс бар. Анын ар биринде 25тин тегерегинде окуучулар билим алышат.

«Кыргыз классын жаӊы ачканда 13 бала эле окучу. Азыр 25 окуучу болду. 4 кыргыз класс бар. Кудай буюрса келечекте эки тилдүү мектеп болобуз», - деди ал.

Рахат Алиева Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Аляскар Токтоналиев айылында 1973-жылы туулган.

«1979-жылы Аляскар Токтоналиев айылындагы Айдаркан Молдокулов атындагы орто мектептин босогосун аттап, 1990-жылы Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназиясын аяктагам. 1991-жылдан 1996-жылга чейин азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алып чыккам», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×