Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуМосква району 02.10.2018 09:59

Айыл турмушу: 70 жаштагы Т.Орозбеков велосипед тээп, спорттук турнирлерге катышып келет (сүрөт)

Turmush -  Эртең менен суу бойлоп чуркап, кечинде велосипед тээп ден соолугун чыңдап, жел менен жарышкан 70 жаштагы Төлөн Орозбеков Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну. Анын балалык, окуучулук жылдары кичи мекенинде өттү. 8-классты аяктап, Кара-Балта шаарындагы кесиптик-техникалык окуу жайында билим алуусун уланткан.

Армиядан келген соң борбордогу К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан айыл чарба өндүрүшүнүн инженер-механиги адистигине ээ болду. Ушул кесип Төлөн агайдын өмүр жолун, турмуш-тагдырын, жашоо образын, бүткүл атуулдук бейнесин өзүнө сиңирген. Ички дүйнөсүндө жуурулушуп, психологиялык-педагогикалык ой туюмдарын бир бүтүндүккө багыттап, билим, таалим-тарбия берүүчү куттуу мугалимдикке байланды. 70 жашта жел менен жарышкан агай балдар дүйнөсүнөн бөтөн кетпей, райондогу №28 кыргыз-орус лицейинде эмгектенип келет.

Өмүрлүк жубайы Гүлсара апа да мугалим, мектептин директору болуп көп жыл эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда. Уул-кыздарды тарбиялашып, неберелерди ээрчиткен Төлөн агай менен Гүлсара эжени көргөндөр бактылуу үй-бүлөнүн, өрнөк өмүрдүн үлгүсүн, жашоонун маңызын жүрөгүнө толтурушат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«70 жашты желкелеп турам. Адам коомдун күзгүсү тура. Так секирип волейбол ойноп, ордо оюнунда отура калып, чимирилтип ашык атсам жаштар карап күлүп коюшат. Баса, жакында Ысык-Көлдө кесиптик-техникалык билим берүү кызматкерлеринин ордо оюну боюнча өткөрүлгөн мелдешине катышып келдим. Ооба, Чүй облусунун курама командасында да өзүмдүн өнөрүмдү көрсөттүм. Көчмөндөр оюндарын да көрдүм. Өмүрүмдүн күзү жеңиш, жакшылыктын туусун көтөрүп келет. Жашоомдо эмне жараттым деген ой кээде коңгуроо чалат. Туура. үй-бүлө күттүм, уул-кыздарымды тарбияладым. Балдарга трактордун түзүлүшүн өмүр бою окутуп келем. Ошол эле...», - деди ал.

Өзүн терең таанып турса да мактанганды, жасакерленгенди жек көргөн Төлөн агай кээде балалык кыялын жашоосуна кайрып алат. Эски ырдын обонундай жан дүйнөсүнүн жаңырыгына кулак төшөйт. Суроо салсаң пионердей түптүз туруп, көз ирмебей соболуңдун үтүр, чекитине чейин чечмелеп кетет. Андайда улуу жашын кичүү кылганына өзүң бушайман түшөсүң.

Т.Орозбеков: «Мен өзүмдү аңдап деле көрбөптөрмүн. Күндөлүк жашоо, ритмге салынган турмуш ыргагы суудай агыла берет тура. Негизги ийгилигим — трактордун түзүлүшү предметинен, модулдук окутуунун курсун уюштуруунун методикасы боюнча электрондук варианттагы окуу куралынын авторлорунун бири болгондугум. Учурда ал бардык кесиптик-техникалык окуу жайларда окутулуп келет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×