Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЧүй району 02.10.2018 09:32

Чүй районунда кылым карыткан апаларга азык-түлүк берилип, акчалай жардам көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  1-октябрь — Карылар күнүнө карата Чүй облусунун Чүй районундагы кылым карыткан эки карыяга райондук администрация тарабынан азык-түлүк баштыгы жана айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Райондо кылым карыткан эки апа бар. Алар — 1915-жылы туулган Жумагүл Тыналиева жана 1918-жылы туулган Жапар Бугубаева. Жумагүл апа Арпатектир айылында жашаса, Жапар апа Садовое айылында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×